“Бир алкак — бир жол”. Шэнь Чанъюй Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеваны Кытайга чакырды

“Бир алкак — бир жол”. Шэнь Чанъюй Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеваны Кытайга чакырды

Бүгүн, 1-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Кытай улуттук интеллектуалдык менчик мекемесинин комиссары Шэнь Чанъюй менен онлайн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар ведомстволор аралык кызматташуунун келечегин жана “Бир алкак — бир жол»” долбоорунун алкагында интеллектуалдык менчик жаатында кызматташтыкты талкуулашкан. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптап биргеликте “Ойлоп табуучулук ишмердикти шыктандыруу жана жандандыруу: Реионалдык көз караш” регионалдык семинарын жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону камсыз кылуу этаптарын санариптештирүү жаатында атайын тренинг уюштурууну макулдашылды.

Кыргызпатент Кыргызстанда интеллектуалдык менчик академиясын ачууга көмөктөшүүнү суранды. Кытай тарап бул сунушту карап чыга тургандыгын билдирди.

Шэнь Чанъюй расмий түрдө Кыргызпатенттин директорун ушул жылы “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында өткөрүлө турган Интеллектуалдык менчик жаатындагы жогорку деңгээлдеги III конференцияга катышууга чакырды. Рахат Керимбаева да Шэнь Чанъюйду Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.