“Илимдеги кыздар”. Окуучу кыздардын ойлоп табуулары сыйлыкка татыды…

“Илимдеги кыздар”. Окуучу кыздардын ойлоп табуулары сыйлыкка татыды…

Бүгүн, 1-мартта Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда STEM GIRLS FEST 2022” жаштардын илимий-техникалык чыгармачылык көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөгө 7-10-классынын окуучу кыздарынын ойлоп табуулары, инновациялык иштелмелери жана жаңы инженердик чечимдери коюлду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси тарабынан, Кыргызпатенттин өнөктөштүгү астында, Кыргызстандагы БУУнун балдар фондунун (UNICEF) колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, жаратман кыздар мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө натыйжалуу пайдаланууну менен интеллектуалдык ресурстарын экономикалык активге айландырып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо тургандыгына ишеним артаарын билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты эмгектер тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.