ВИДЕО — «Мен улуу элдин урпагымын»

ВИДЕО — «Мен улуу элдин урпагымын»

Милиция –бул өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыздап, элге биринчилерден болуп жардамга кол сунган тартип сакчылары, элдин ишенимдүү тиреги.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөткөн жана элди мекенчилдикке үндөгөн видеороликти тартышты. “Мен улуу элдин урпагымын. Мен үчүн элимдин бейкуттугу жана тынчтыгы баарынан кымбат. Мен жашаган мамлекетте, шаарда, айылда жана коомдо уурулукка, зомбулукка, алдамчылыкка жана ар кандай коомдук тартип бузууларга жол жок. Андайга, мен жана мен сыяктуу ар-намысты баарынан бийик койгон кесиптештерим, эч качан жол бербейбиз. Мамлекетибизди жана коомубузду ууру-кескилерден, каракчылардан, алдамчылардан жана улуттун уңгусуна шек келтирген пайдакор жат элементтерден тазалайбыз. Ошондо гана мамлекетибиз гүлдөп,өнүгүп өскөн улуу держава боло алат. Кыргыз эли, мына ушундуай улуу мамлекетте жашоого татыктуу.Биздин балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз жана келечек муундун бакубат турмушу үчүн кажыбастан эмгек кылам”,-деген милиция кызматкеринин Мекенине болгон сый-урматын, сүйүүсүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган видеороликти сунуштайбыз.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.