Алгачкы жолу акыйкатчы болуп аял киши шайланды. Атыр Абдрахматова атаандаштарын жеңип чыкты!

Алгачкы жолу акыйкатчы болуп аял киши шайланды. Атыр Абдрахматова атаандаштарын жеңип чыкты!

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште депутаттар акыйкатчылыкка ат салышкан 4 талапкердин: Атыр Абдрахматова, Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаевдин өмүр баянын жана программасын угуп, суроо беришти. Депутат Дастан Бекешев менен Адахан Мадумаров Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырып, колдорун билдиришти.

Аягында депутаттар жашыруун добуш беришти. Депутаттардын 50 добушу (бир каршы) менен Атыр Абдрахматова колдоо таап, жеңишке ээ болуп, парламентте ант берди.

Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчылыкка талапкерлердин баарын жактырышкан. Белгилей кетсек, буга чейинки акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Ошондон (2021-жылдын октябрь айынан) бери бул орун бош турган.

Атыр Абдрахматова тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал 41 жашта. 1981-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби юрист.
2015-жылы дагы «Республика — Ата-Журт» фракциясы тарабынан акыйкатчылык орунга көрсөтүлүп, өтпөй калган. Андан соң 2020-жылга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген. 2022-жылдын февралда талапкерлиги сунушталган. Ушуну менен Атыр Абдрахматова үчүнчү жолу Акыйкатчылык кызматка ат салышты.
Ал былтыркы парламенттик шайлоодо Жети-Өгүз шайлоо округунан ат салышып, өтпөй калган.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Алгачкы жолу акыйкатчы болуп аял киши шайланды. Атыр Абдрахматова атаандаштарын жеңип чыкты!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.