Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Бишкек шаары айыл эмес, шаардай болушун каалайм!»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Бишкек шаары айыл эмес, шаардай болушун каалайм!»

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйынында алгач кызматка дайындалышы тууралуу суроо болду. Ага ал бул кызмат күтүүсүз болгонун, мэрге чейин бардык тепкичтерди басып өткөнүн баса белгилеп, буга чейин вице-мэр болгонун эскерте кетти. Ошондой эле, мэр Бишкек шаары айыл эмес, шаардай болушун кааларын билдирди: «Мэр жооптуу кызмат экенин жакшы түшүнөм. Бул кызмат бийлик эмес, жоопкерчилик! Албетте, кесипкөй кадрларга таянам. Бул жерге жердеш, тууган, классташ эмес, кесипкөйлөр иштеши керек деген позициядамын. Ошондо гана өнүгүү болот!»,-деди.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган.

Өмүр баянын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. ВИДЕО тажрыйбалуу журналист Айчүрөк Борукеевага таандык.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.