Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Биз ишкерлерге барып, «жумушчу орундарын түз, салык төлө, экономиканы көтөр» дешибиз керек!»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Биз ишкерлерге барып, «жумушчу орундарын түз, салык төлө, экономиканы көтөр» дешибиз керек!»

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2-марттагы маалымат жыйынында асфальт-бетон чыгаруучу ири завод курулушу ыктымалдыгын билдирди.

Мэр Бишкек шаарындагы брусчаткаларды колдонуудан кетип, асфальтка өтүш керектигин айтып, асфальт-бетон заводу менен сүйлөшүп жатканын жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди. «Бишкек шаарына эң сапаттуу асфальт чыгара турган завод салышыбыз керек!  Биз, мэрия, бизнеске жардам беребиз. Биз ишкерлерге барып,» жумушчу орундарын түз, салык төлө, экономиканы көтөр» деп сунушташыбыз керек», — деди. Ошондой эле, мэр ишкерлерге абдан жакшы шарттар түзүлүшү керектигин айтып, учурда Бишкекте жолдор, таштанды полигону, экология сыяктуу көйгөйлөр көптүгүн билдирип, аны чечүү үчүн инвестиция тартуу керектигин айтты.

«Алдаган компаниялар менен күрөшөм!»

Мэр дагы бир маселени баса белгиледи. Каражаты, базасы жок айрым курулуш компаниялары алдоо жолу акча таап, батирлерди сатып, курулуш ишин баштабай же үйдү бүтүрбөй, элди алдап жатканын айтып, алдамчы компаниялар менен күрөшөрүн, күрөшүү үчүн бир катар чараларды көрүү сунушталып жатканын билдирди.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган.

Өмүр баянын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. ВИДЕО тажрыйбалуу журналист Айчүрөк Борукеевага таандык.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.