Мэр Абдыкадыров абанын булганышынын себептерин атап, бул маселе чечилерин билдирди

Мэр Абдыкадыров абанын булганышынын себептерин атап, бул маселе чечилерин билдирди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2-марттагы маалымат жыйынында абанын булганышынын себептерин атады. Анын айтымында, түтүндүн 4 себеби бар: биринчиси — Кара-Кече көмүрү, экинчиси — транспорт маселеси, үчүнчүсү — таштанды таштоочу жай. Ошондой эле, мэр быйыл абанын булганышы маселеси чечилерин билдирди. 

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: «Өф-өф түтүн, өф түтүн»

Бул көйгөйлүү маселенин айтылып, жазылып келатканына көп жыл болду. 2017-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында да каралып, «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган. Экс-спикер, экс-депутат, маркум Чыныбай Турсунбеков өпкө оорулары менен ооруган адамдардын саны өсүп жатканын баса белгилеп, шаарды каптаган түтүн жөнүндө жазган ырын парламентте окуп берди эле. 
Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өч шаарыңан көч бүтүн.

Өлүм алып келем деп,

Өжөрлөнөт көк түтүн.

ТЕЦтен чыгат көк түтүн,

Мештен чыгат көк түтүн,

Машиналар чубаса,

Чубайт арттан көп түтүн.

Түтүн менен түртүшүп,

Күндө баарын сүртүшүп,
Бүтө электе көктө күн

Түтүн деген түгөттүн,

Түгөнбөсүн байкашат.

Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өлүп кеткир көк түтүн.

Өрдөк мурун жүлүндүү

Өпкөбүзгө өч бүтүн.

Күнү каптайт калааны,

Түнү каптайт калааны,

Түйшүк кылып алдык биз

Түтүн деген балээни.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.