Шайлоонун жыйынтыгын Аида Салянова кандай кабыл алды?

Шайлоонун жыйынтыгын Аида Салянова кандай кабыл алды?
27-февралда Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов районунда парламенттик шайлоо болуп өтүп, АСУ (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, Биринчи май округунан 9209 (46,09%) добуш менен талапкер Элвира Сурабалдиева алдыга озуп чыкса, Свердлов округунан 5797 (17,54%) добуш менен талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыккан.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар…

А.Муртазалиев кубануу менен кабыл алганы менен шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгон. Анда эки аял кармалганы тууралуу социалдык тармактарга тарап, жазылган. Бу жердеги ШИЛТЕМЕде.
Муртазалиевдин атаандашы, шайлоодо 5381 (18.13%) добуш менен 2-орунда ээлеген Шайлообек Атазов шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, шайлоо мыйзам чегинде болгону менен талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалганын, бул боюнча тактыкталган тасма да, далил да Ички иштер министрлигинде экендигин журналисттерге билдирген.
БШКнын шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү боюнча маалыматын КТРК 27-февралда, саат 18:30да түз эфирде көрсөткөн. Анда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов катышып, мыйзам бузуу боюнча маалымат берген. Ал Свердлов округунан 11 арыз түшкөнүн, каралып, териштирилип, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Ошондой эле, ал арыз эле эмес, социалдык тармактарга чыгып жаткан видеолорго да укуктук баа берилерин билдирген.
Соцтармакка талапкер Шайлообек Атазовдун да добуш берүүдө мыйзам бузуулары чыккан. Бу ШИЛТЕМЕде.

Парламентке Алмаз уулу Аскар депутат болуп келеби?

Ушул эле округдан талапкер болуп чыккан Аскар Алмаз уулунун үстүнөн дагы үгүт иштеринин мыйзамын бузду деп эки арыз жазылып, БШКнын жумушчу тобунда каралган. Ал шайлоодо  4176 (1407%) добуш менен 3-орунду ээлеген.
“Эл үмүтү” партиясынын лидери, талапкер БШКнын алдын ала жыйынтыгына макул эместигин билдирген. Болжол менен ушул жаш жигит парламентке депутат болуп келери айтылууда… Балким…

Эми Аида Саляновага келсек…

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аида САЛЯНОВА чынында эле таза иштеди. Эч кимге акча берген жок, шайлоочуларга акча тараткан жок. Эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Ал 27-февралда массалык добуш сатып алуу болуп, ага эч кандай чара көрүлбөй жатканын чырылдап видео аркылуу билдирип эле жатты. Бу жердеги ШИЛТЕМЕде.
Алдын ала ар кандай каралоолор да укмуш жүрдү. Улуту башка экен деп да чыгышты. Улуту тууралуу мындан 11 жыл мурун эле айтты эле. Аны жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныздар болот.

Аида САЛЯНОВА: «Жеңилүү катары кабыл албаңыздар!»

Аида Жеңишбековнанын абалын сурап, «шайлоонун жыйынтыгын кандай кабыл алды?» деп колдогондор тынчсызданып, биздин редакцияга кат жазгандар, телефон чалгандар көп болууда. Ошондон улам, абалы тууралуу берип коюуну туура көрдүк. Аида Салянова ошол эле күнү, 27-февралда: «Жеңилүү катары кабыл албаңыздар! Баары жакшы. Демек ошондой болушу керек болчу! Сиздердей замандаштарым менен сыймыктанам!»,- деп пикирин билдирген. Анын эртеси, 28-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган.

Урматтуу туугандар!
Баарыңыздарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем! Суук, жаан, баткакка карабай, бир тыйын албай, «бекер иштейбиз, жардамыбыз ушул болсун» деп колдоп берген замандаштарыбыз көп болду. Миң мертебе ыраазымын!
Эл улук! Эл кандай чечим кабыл албасын башыбызды ийип кабыл алганга милдеттүүбүз. Демек, мамлекеттин тагдыры ошондой… Кудайымдын буйругу!
Баарыңыздарга аманчылык тилейм! Арыбаңыздар!

БШК депутаттарга качан мандат берет?

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) маалыматына караганда, эки округдагы (Биринчи Май, Свердлов району) шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин билинет. Эки округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, добуш берүү күндөн тартып, 13 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутатын аныктайт. Ал боюнча кенен маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.