ВИДЕО — Кубанычтан тамган көз жаш… Эне жүрөгү… Акыйкатчынын апасы (Маек)

ВИДЕО — Кубанычтан тамган көз жаш… Эне жүрөгү… Акыйкатчынын апасы (Маек)

Төрт талапкерден Атыр Абдрахматова тандалды…

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште депутаттар Акыйкатчы кызматына ат салышкан 4 талапкердин: Атыр Абдрахматова, Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаевдин өмүр баянын жана программасын угуп, суроо беришип, аягында жашыруун добуш беришти. 50 депутаттын колдоосу менен Атыр Абдрахматова 6-Акыйкатчы болуп шайланып, ант берди.

Спикер Талант Мамытов депутаттардын атынан куттуктап, ийгилик каалады.

Кубанычтан тамган көз жаш…

Ошентип, Акыйкатчы институтуна алгачкы жолу аял киши жетекчи болуп келди. Атыр айым «Фейсбуктагы» баракчасына мындай пост калтырды: «Апама жаңы чалып, жыйынтыкты айттым. Дароо ыйлады… Элдин үмүтүн, тилегин актап, Кыргыз Республикасы адам укуктарын сактаган эң күчтүү мамлекет катары дүйнө жүзүнө таанылып, ар бир кыргыз жараны сыймыктанган мамлекет болушуна ишимди жаңы макамда уланта берем

Атыр Абдрахматованын апасы тууралуу кенен маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Акыйкатчы элге ыраазычылык билдирди

Атыр айым апасына телефон чалгандан кийин, кыргыз элине ыраазычылык билдирди:

Буга чейин канча Акыйкатчы болгон?

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түптөлгөнүнө 16 жыл болду. 2002-жылдан баштап иштей баштаган. Институтка адам укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн. Алгач Турсунбай Бакир уулу, андан кийин Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев жетектеген. 2018-жылы, 26-сентябрда Токон Мамытов шайланган. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Ошондон (2021-жылдын октябрь айынан) бери бул орун бош турган.

Мыйзам боюнча Акыйкатчы 5 жылга шайланат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөгөн, 30 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон жаран акыйкатчы болуп шайлана алат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “ВИДЕО — Кубанычтан тамган көз жаш… Эне жүрөгү… Акыйкатчынын апасы (Маек)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.