АДВОКАТ: «NEXT ТВнын директорунун баш коргоо чарасы эртең каралат»

АДВОКАТ: «NEXT ТВнын директорунун баш коргоо чарасы эртең каралат»

NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Акмат Алагушев бүгүн, 4-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Таалай Дүйшембиевге ал кирип чыккан, ден соолугу жакшы. Ага «кастыкты козутуу» айыбы тагылып, кылмыш иши козголду. Эртең, 5-мартта Биринчи Май сотунда баш коргоо чарасы каралат.

УКМКнын билдирүүсү..

УКМКнын маалыматына таянсак, аталган телеканалдын директорунун камалышына жалган маалымат таратканы себеп болгон. Ал Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө тараткан. Мындай маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп билдирген экспертиза.

Телеканалдын ээси эмне дейт?

NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун журналисттерге билдирди. Анын айтымында, «Некс ТВ» маалыматты Казакстандын булагына таянып, шилтеме менен тараткан. Ошондон улам, телеканалды жаппаш керек болчу.

Буга чейин Жээнбеков «Фейсбуктагы» баракчасына аны же Таалай Дүйшөнбиевди УКМК камайбыз деп көптөн бери эле айтып келатканын жазган.

Коргоо министрлиги маалыматты четке какты

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин «Тажикстан менен Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр» деп айткан сөздөрү тараган. Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четкe кагып, жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.