ВИДЕО — Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Көз карандысыз судья — күчтүү мамлекеттин белгиси, зоболосу»

ВИДЕО — Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Көз карандысыз судья — күчтүү мамлекеттин белгиси, зоболосу»

Бүгүн, 4-мартта Жогорку сотто Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун бир катар кызматкерлерин куттуктап, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, иштерине ийгилик каалап, “Эл адилеттик издеп, сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүтү-тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылат. Андай чечимдерди кабыл алуу бир гана судьянын билиминен эмес, айрыкча анын ыйманынан, абийиринен, ички маданиятынан жана адамгерчилигинен  көз каранды экендигин унутпашыбыз керек. Бул бизге болгон талаптын өтө жөнөкөйлүгү, ошол эле учурда татаалдыгы менен такталып жатат. Көз карандысыз судья — адилет сот тутумунун кыймылдаткыч күчү, адилет сот тутуму — күчтүү мамлекеттин белгиси, зоболосу!»,-деп билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.