Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн!»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн!»

Бүгүн, 5-мартАк калпак күнүн белгилей турган майрам күн. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кыргызстандыктарды куттуктады.

— Урматтуу шаар тургундары!
Урматтуу замандаштар!
Сиздерди Ак калпак күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келген.
Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн! Элибизге ынтымак, тынчтык, ачык асман жана бакубат жашоо каалайм!

Бул майрамдын автору ким?

5-март «Ак калпак» күнүнүн негиздөөчүсү, «Ар бир айдын алтысы» долбоорунун автору, улуттук «Кыргыз бийи» долбоорун ишке ашырган белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабиров. Ал Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы көтөрүп чыккан.  Бул демилге Жогорку Кеңеште 2016-жылда, 29-мартта, парламенттин токтому менен расмийлештирсе, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланган.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон — улуттук баш кийимибизди даңазалаган Ак калпак күнү менен куттуктайт!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.