Мэр «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын алдына милдеттерди койду

Мэр «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын алдына милдеттерди койду
Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Абдыкадыров аталган ишкананын эмгек жамааты менен баарлашып, ирригация маселесин чечүү жана шаардагы көчөттөрдү көбөйтүү зарылдыгын баса белгилеген.
Ошондой эле, мэр күнөскана чарбасы жана борбордогу күнөсканалардын иши менен таанышып чыккан.
Ишкананын эмгек жамаатын бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктаган.
Буга чейин мэр Эмилбек Абдыкадыров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаган.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп 2022-жылдын 24-февралында дайындалган.

2-мартта маалымат жыйын өткөргөн:

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.