Next TV телеканалынын директору 2 айга камалды. Бул боюнча Акыйкатчы эмне дейт?

Next TV телеканалынын директору 2 айга камалды. Бул боюнча Акыйкатчы эмне дейт?

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Next TV каналына байланыштуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Толугу менен төмөндө:

— Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жана сот органдарынын бардык тутумдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин урматтоого чакырат.
Сөз эркиндиги — бул Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки эң башкы жетишкендиктеринин бири. Бул жетишкендикти эл аралык коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр да баса белгилешет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жаран оз ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, аларды так жана кынтыксыз сактоо эгемендуу эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрү катары кабыл алынат.
Азыркы учурда, NextTV телеканалына карата жүргүзүлүп аткан укук коргоо органдын шашылыш иш-аракеттерине, тактап айтканда төмөнкү жагдайларга карата УКМК тараптан шашылыш укуктук баа берилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) өз тынчсыздануусун билдирет:
— жарыялоонун мазмунуна (экспертизанын жүргүзүлүшү жана анын жыйынтыктары ошол эле дайындалган күнү даяр болгондугуна);
— маалыматтык материалды жарыялаган субъектти аныктоо, анын Next TV телеканалына түздөн-түз тиешеси;
— айыптоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негиздүүлүгү, анын тактыгы, жана телеканалдын көрсөтүүсүнун жабылышы.
Акыйкатчы:
— укук коргоо жана сот органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге карата чечим кабыл алууда, мамлекетибиздеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиктеринин сакталышы тууралуу конституциялык кепилдиктерди жетекчиликке алууну;
— сот органдары Next TV телеканалына карата укук коргоо органы тарабынан көрүлгөн жана пландаштырылган иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна, анын шайкештигине жана зарылчылыгына укуктук баа беришин жана бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин чечүүдө иштин бардык жагдайларын эске алууга чакырат.
Акыйкатчы NEXT TV телеканалы боюнча маселени өз көзөмөлүнө алгандыгын жана адвокаттар менен тыгыз байланышта экендигин, ошондой эле, Акыйкатчы институтунун тийиштүү кызматкерлери КР УКМКнын ТИЗОсуна барып, NEXT TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге жолугушуп келишкендиги тууралуу маалыматты билдирет.
Белгилей кетсек, Атыр Абдрахматова 50 депутаттын колдоосу менен 6-Акыйкатчы болуп 2-мартта дайындалып, парламентте ант берген.

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ: «Таалай Дүйшембиевдин ордуна мени камашсын!»

Эске сала кетсек, NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалганы кечээ маалым болгон. Адвокат Акмат Алагушев кечээ, 4-мартта Таалай Дүйшембиевге жолугуп чыкканын журналисттерге билдирип, ага «кастыкты козутуу» айыбы тагылып, кылмыш иши козголгонун айткан.
Бүгүн, 5-мартта Биринчи Май сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды.

Аталган телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков муну «саясий буйрук» деп кабылдап, «Таалай Дүйшембиевдин ордуна мени камашсын!» деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

УКМК менен Коргоо министрлигинин маалыматы… 

Социалдык тармактарда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин «Тажикстан менен Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр» деп айткан сөздөрү тараган. Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четкe кагып, жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Ал эми УКМК аталган телеканалдын директорунун камалышына жалган маалымат таратканы себеп болгонун билдирген. «Таалай Дүйшембиев Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө тараткан. Мындай маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп билдирген экспертиза» деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.