1000ден ашуун айымдар Филармонияга чогулушту… Аялзатын сөз кылганда көңүлү көтөрүлгөн мэр…

1000ден ашуун айымдар Филармонияга чогулушту… Аялзатын сөз кылганда көңүлү көтөрүлгөн мэр…

«Жаздын көркү сени менен башталат, Жашоо жарык, сен бар үчүн аялзат!»

аттуу майрамдык концерт бүгүн, 7-мартта, Т.Сатылганов атындагы Филармонияда болуп өттү.

Бул майрамдын өзгөчөлүгү — кире бериште Бишкек шаарынын мэриясынын Үйлөмө аспаптар оркестри (Духовой оркестр) ойноп турганы болду! Майрамдык салтанатты 8- март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы уюштуруп, 1000ден ашуун аялзатын чакырып, белектерин беришти.

Филармониянын артисттери, эстрада жылдыздары, симфониялык академиялык оркестри Баатыр энелер, эмгек сиңирген ишмерлер, мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, шаардык кызматтардын жетекчилери жана тыл кызматкерлерине майрамдык маанай тартуулашты.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев катышып, аялзатын куттукташты.

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Аялзатын сөз кылганда көңүлүбүз көтөрүлүп, жүрөгүбүздө толкундануу пайда болот»

Урматтуу айымдар! Кадырлуу апалар, эже-карындаштар!
Жыл сайын жаркыраган жаздын жылуу илеби, жер жаңыра, көк чыга баштаган деми менен кошо келген 8-март аялдардын эл аралык күнү менен өлкөбүздүн борбор калаасы – Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

Ушул ыйык, улуу күндү биз өзгөчө сезим, кубаныч менен күтөбүз. Аялзаты жөнүндө сөз кылганда көңүлүбүз көтөрүлүп, оюбузда сыймыктануу, жүрөгүбүздө толкундануу пайда болот. Өрнөктүү өмүр сүргөн, эл-жер үчүн мээнет өтөгөн, мекен жүгүн татыктуу көтөрүшкөн ардактуу, мээрман апаларыбызга, биз менен катар бүгүнкү күндө коомдун жана мамлекеттин баардык милдетин жана түйшүгүн кошо аркалашкан эже-карындаштарга дайыма урмат-сый менен мамиле жасайбыз жана таазим этебиз.
Кыргыз эли тээ эзелтен эле аял затын ызааттап, элдин жана үйдүн куту, ырыскысы, берекеси, коломтонун сактоочусу жана кам көрүүчүсү катары өзгөчө бөпөлөп келишкен.
Урматтуу айымдар!
Сиздерди бүгүнкү жеңил эмес күндөрдө да элибиздин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушунда маанилүү жана көрүнүктүү орунду ээлеп келе жатасыздар. Өлкөбүздөгү туруктуулукту жана биримдикти бекемдөөдө, Президент койгон көп багыттуу, келечектүү программаларды жана реформаларды алга жылдырууда сиздердин аракеттериңиздер жана салымыңыздар баа жеткис. Ошондуктан сиздер ушундай каармандыгыңыздар жана мээнеткечтигиңиздер үчүн бүгүн гана эмес, дайыма, күн сайын, саат-мүнөт сайын ардактоого, көңүл бурууга, сыйлоого татыктуусуздар.
Сиздерсиз коомдук жашоо-турмушту элестетүү мүмкүн эмес. Бардык тармактарда аял-эненин, аял-жаратмандын, аял-түзүүчүнүн, аял-куруучунун көрүнүктүү орду жана салымы бар.
Белгилүү айымдар – ак пейилдүү врачтар, мээримдүү тарбиячы-мугалимдер, маданиятты- искусствону көкөлөткөн өнөр ээлери, дүйнөлүк аренада өлкөнүн желегин желбиреткен спортчулар, экономиканы-өндүрүштү алга жетелешкен ишкерлер жана башка кесиптин ээлери, депутаттар жана коомдук ишмерлер — элдин күзгүсү жана сыймыгысыздар, басып өткөн өмүр-эмгек жолуңуздар башкаларга өрнөк жана үлгү. Бүгүн да сиздерге биз менен тең катар, керек болсо бизден да ашыра бардык жүктү жана милдетти көтөрүп келе жатасыздар.

Сөзүбүз куру болбос үчүн атайын маалыматтарга кайрыла кетейин:
Аялдар дүйнөдөгү бардык жумуштардын 66 пайызын аткарышат;
— Сатып алуунун 83 пайызы аялзатынын үзүлүшүнө туура келет;
— Саясатчылардын 22 пайызы аялдар, ушул тапта 33 мамлекеттин Президенттери аялдар, анын ичинде Борбордук Азияда бизде гана аял президент болгон;
— Аялдар жер жүзүндөгү калктын 50 пайызын ашыгын түзөт.
Ушул маалыматтар эле аял затынын коомдогу зор күч экенин, алар чечүүчү орунду ээлерин айгинелеп турат.
Кыргыз элинин тарыхында жана турмушунда да, оор күндөрдө да, катуу сыноолордо да аялдар четте калышкан эмес. Керек болсо кол баштап, эки тизгин, бир чылбырды бек кармап, эл четинде, жоо бетинде, алдыңкы сапта болушкан. Биз элибиздин андай баатыр, көрүнүктүү кыздары менен дайыма сыймыктанабыз. Алардын эрдиктерин жана эмгегин эч качан унутпайбыз.
Бүгүн да сиздердин кайраттуу аракеттериңиздер, кабагым-кашым дебеген чыдамкайлыгыңыздар менен көп маселелер чечилүүдө. Жакшы көп демилгелердин көч башында болуп, улутубуздун уюткулуу иштеринин учугун улап келе жатасыздар.
Ошондуктан аял затынын дарегине кандай гана даңктоо, мактоо жана сыйлоо сөздөрүн айтсак да жарашат. Эзелтен элибиз сиздерге болгон ызаат-урматты, маани-маңызы өтө терең “Кыздын кырк чачы улуу” деген ыйык сөз менен туюнткан.
Сиздердин образыңыздарды: жашоого жан киргизген күнгө, түндө жарык чачкан айга , чокусу көк тиреген ак мөңгүлүү бийик тоолорго, жыпар жыттуу кооз гүлдөргө салыштырсак да аша кеткендик болбойт. Чынында эле сиздер улуусуздар, ыйыксыздар жана сулуусуздар. Дүйнө жүзүндөгү асылдуулуктун баары аял затында сакталган. Аялзатын урматтаган, ызааттаган, кадырлап-сыйлаган үй бүлөдө, жамаатта жана коомдо гана бейпилдик, ынтымак жана жакшылык, өсүп-өнүгүү болот.
Ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын милдети сиздердин татыктуу жана бакубат жашооңуздар үчүн бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аракеттерди жана камкордуктарды көрүү болуп саналат. Бишкек шаарынын мэриясы проблемаларды чечүүнүн үстүндө талыкпай аракеттерди көрө тургандыгына ишендире кетмекчимин.
Урматтуу айымдар!
Дагы бир жолу сиздерди жаз майрамы – 8 март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын!
Сиздерден сулуулук жана ыймандулук, ызааттулук менен жароокерлик, акылмандык менен боорукерлик эч качан ажырабасын, өмүрүңүздөр жаз күнүндөй жадырап-жайнап турсун!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ

8-марттын тарыхы…

Америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908жылы, 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгып, аялдардын күнүн белгилеп, абалын теңдөөнү талап кылышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы, февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Анын негизги максаты — ушул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.

Алгач Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген, кийин 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес. Аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.

Ал эми Кыргызстанда 8-март кызыл менен белгиленген, майрам эки-үч күн мурда башталат. Ар кайсы аймактарында концерт, флешмоб, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктап, белектерин беришет.

Бул күнү кайсы атактуулар төрөлгөн?

Бул күнү биздин сыймыктанган, сыйлаган адамдар жарыкка келген. Алсак, алгачкы кино актриса, биринчи стенографист Айша Карасаева, акын Сулайман Маймылов,  төкмө акын, обончу, ырчы, КРнын эл артисти Ашыралы Айталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова жана ырчы Тынай Алыбаев туулган.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.