Гүлбарчын ЯКУБОВА: «Хан тартып алалбаган бир күн…»

Гүлбарчын ЯКУБОВА: «Хан тартып алалбаган бир күн…»

Кыргызстанда 8-март майрамы эки-үч күн мурда эле башталат. Бизде эле эмес, ааламда ушундай маанай азыр… Албетте, бардыгы куттуктоо, арноо сөздөр менен коштолот. Акындар ыр жазат. Бир кезде чогуу иштеген кесиптешибиз, жан дүйнөсү өзгөчө акын кыз Гүлбарчын Якубова жаздын ушул күнүнө арнап сонун бир ой толгоосун жазды эле. Негизи Гүлбарчындын ырлары жакшы. Ыр эле эмес, макалаларды да мыкты жазат. Ырларынын бири Асел Турдалиеванын аткаруусунда ырдалып да жүрөт. 

Бир күн эле эмес, ар бир күнүңөр майрам болсун, жакшы маанай болсун деп Гүлбарчындын жаз жыттанган ошол ой толгоосун сунуштайбыз. Майрамыңыздар менен, асылзат аялзаты!

Аял тагдыр

Аялдар мифте, уламыштарда өчпөс болуп калды. Аялзатына арналган ардактуу сөздөрдүн мөндүрдөй жааганына карабай, тарыхта аял көрбөгөн кайсы азаптозок калды дейсиз? «Жөнөкөй эле бала төрөө куралы» катары көз караштардын курмандыгы гана болуп калбастан, көздөрүн мөлтүрөтүп, мал сыяктуу базаларда сатылбады беле? Кайсы кылымдын, кайсы доордун кыйынчылыгы, каатчылыгы аялзатысыз өттү дейсиз? Не деген түйшүктөрдү башынан кечирген жок, не деген тоскоолдуктарды жеңбеди?!.. Коомдун күнгөй-тескейин чагылдырган акын-жазуучулардын түбөлүктүү, мыкты каармандары боло алышты. «Жашоодо жарыгы өчпөгөн, Аялзат ар үйдө кут белем, Көсөмдөр жете албай көксөгөн, Бейишти тебеле бут менен!» — деп акындарыбыз аялзатына аял мамилесин арнап келет.

Аял сүйүү

Эгерде аялзаты болбогондо, сезим терметкен обондор кайдан жаралмак?! Жүрөк кылын терген дастандар кайдан жаралмак?! Дүйнөдө эң биринчи сүйүү ыры да аялзатына арналыптыр. Биздин заманга чейинки грек акыны Катул сүйгөн кызына сүйүү ырын тартуулап, поэзияга бурулуш жасаган экен. «…Аялзаты, биз сага дүйнөнү белектебедик, ал биздин энчибизде эмес. А сен бизге дүйнөнү белектей алдың. Эми биз сага сүйүү тартуулайбыз, биз тартуулап жаткан сүйүү жүрөгүңдөн орун тапса, анда биз бактылуубуз, сени бактылуу кыла алабызбы ал бизге али табышмак… Арнаган сүйүүсүнө күмөндөнүп, ойлосо ою онго, сагынса санаасы санга бөлүнүп, жүрөгү түйшөлбөгөн эркекзаадалар жок чыгаар. Күйсө күйүүсүнө, сүйсө сүйүүсүнө арзыган асылкечтер жашоодо мына ушинтип сүйүү жаратышты.

Өмүр көрктөгөн аялзаты

Аялзатынын хан тартып алалбаган бир күнү бар. Ал — 8-март. Бул күн сенин күнүң-аялзаты! Кайгы-капа, тирүүлүк түйшүктөрүн, күнүң сенин колуңан жасалчу жумуштарды, баарын унутуп, жазга окшош шыңгыр күлкүң жаңырсын бүгүн. Сенин жаркын жамалыңды, шайыр мүнөзүңдү, аялдык ажарыңды гана көрүп туралы! Бар болгула жан дүйнөнүн карлыгачтары, сүйүү жараткан ак куулар, сулуулар, өмүр көрктөгөн энелер, аялзаты! Майрамыңыздар менен!

 Гүлбарчын ЯКУБОВА

8-марттын тарыхы…

Америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгып, аялдардын күнүн белгилеп, абалын теңдөөнү талап кылышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Анын негизги максаты — ушул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.

Алгач Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген, кийин 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес. Аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.

Ал эми Кыргызстанда 8-март кызыл менен белгиленген, майрам эки-үч күн мурда башталат. Ар кайсы аймактарында концерт, флешмоб, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар  сүйүктүү айымдарын куттуктап, белектерин беришет…

Бул күнү кайсы атактуулар төрөлгөн?

Бул күнү биздин сыймыктанган, сыйлаган адамдар жарыкка келген. Алсак, алгачкы кино актриса, биринчи стенографист Айша Карасаева, акын Сулайман Маймылов,  төкмө акын, обончу, ырчы, КРнын эл артисти Ашыралы Айталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова жана ырчы Тынай Алыбаев туулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.