Алты жашар кызды зордуктаган адамды сот өмүр бою эркинен ажыратты

Алты жашар кызды зордуктаган адамды сот өмүр бою эркинен ажыратты

Ош облусунда алты жаштагы кызды зордуктоого айыпталган киши прокуратуранын өтүнүчү менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, буга чейин Кара-Суу райондук соту А.Н. аттуу жаранды алты жашар кызга өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоого күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура ага жумшак жаза берилди деген жүйө менен кийинки инстанцияга доо арыз менен кайрылган. Ишти Ош облустук соту карап, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратты.

Сексуалдык зомбулук көрсөтүү шеги менен 57 жаран кармалган…

Башкы прокуратура билдиргендей, 2020-жылы республикада жашы жете элек балдар боюнча 1101 кылмыш иши катталса, алардын 150дөн ашууну сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар менен байланыштуу болгон. Балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү шеги менен 57 жаран кармалган. Ошол эле маалда жоопко тартылгандар жөнүндө так маалымат жок.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иликтөөсүнө караганда, 2020-жылдын 9 айында «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш козголгон, бирок алардын 17си гана соттук тартипте каралган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.