Студенттер, аспиранттар жана мугалимдер Кыргызпатентке эмнеге келишти?

Студенттер, аспиранттар жана мугалимдер Кыргызпатентке эмнеге келишти?

Бүгүн, 10-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар 4 багыттагы кызматташууну талкуулашкан. 1. Аймактарда балдар үчүн илимий-техникалык жана робототехника ийримдерин ачуу; 2. Ош шаарындагы «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин базасында инновациялык класстарды түзүү; 3. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн Түркия Республикасына иш-сапарын уюштуруу; 4. Аймактарда “STEAM-билим берүү кербени” долбоорун ишке ашыруу.

Семинарда эмне талкууланды?

Кыргызпатент ушул эле күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери, аспиранттары жана мугалимдери үчүн “Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо” темада семинар өткөрдү. Угуучуларга Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери лекторлук кылып, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, укуктук коргоо жана сактоонун ыкмалары, укукту өткөрүп берүү маселелери, инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришти.
Иш-чара Кыргызпатент жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу коюлган меморандумдун алкагында уюштурулду.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.