ВИДЕО — Министр Алымкадыр Бейшеналиев кайсы профессорду «лопух» деп тилдеди?..

ВИДЕО — Министр Алымкадыр Бейшеналиев кайсы профессорду «лопух» деп тилдеди?..

Бүгүн, 10-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарынын Жантөшов көчөсүндө жайгашкан офтальмолог-хирург, профессор, медицина илимдеринин доктору Алмаз Исманкуловдун «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» жеке менчик клиникасына барды. Бул тууралуу «Жалбырак ТВ» жазып чыкты. Алардын айтымында, министр Исманкулов менен телефондо сүйлөшүп, аны «лопух» деп тилдеп, «3 сааттын ичинде бошотуп кой!» деп буйрук берген.

«Жалбырак ТВнын» Фейсбуктагы баракчасынын алынган тасмадан көрүңүздөр:

Эске сала кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев өткөн айда Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору мамлекеттик имараттан чыгарыларын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.