БРЕЖНЕВ: «Турдакун Усубалиевич, напиши письмо…»  Тоголок Молдо көчөсүндөгү эки инсандын баарлашуусу… (Архив)

БРЕЖНЕВ: «Турдакун Усубалиевич, напиши письмо…»  Тоголок Молдо көчөсүндөгү эки инсандын баарлашуусу… (Архив)

Садыр ЖАПАРОВ: «Турдакун Усубалиевдин ар бир жасаган иши — баарыбыз үчүн өрнөк!»

Бүгүн, 11-мартта Нарын облусунун Кочкор районунундагы Кочкор айылында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигин ачуу аземи болуп өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.

— Нечен кылымдарды башынан кечирген кыргыз элинин тарыхында жамы журттун намысын жогору койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгон. Алардын бири – Турдакун Усубалиев. Ошондон улам, өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында эстелигин орнотуп, мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү баарыбызга өрнөк болгон адамдын арбагын эскерип отурганыбыздын өзү эле жакшылыктын жышааны деп ойлоймун.

Кыргыз элинин өз заманынын татыктуу, мыкты, сыймыктуу уулу, эң көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык саясий ишмери, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары, үч жолку Ленин орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу, ар бир жасаган иши, ар бир кылган кызматы — баарыбыз үчүн өрнөк! Ал – Мекенге ак кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Мына ошондуктан, урматтуу агайын-туугандар, сиздер менен жапатырмак чогулуп жарык маанайда, жакшы саамалыкта жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

«Караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» чыгаан адамдар зарыл болуп турган азыркы учурда, Турдакун Усубалиев сындуу ири саясий ишмерлердин көзүнүн жоктугу таасын сезилип турат. Кезинде Турдакун Усубалиевич турмуштун далай ачуу-таттуусун өз башынан кечирди. Тагдырдын далай катаал соккусуна туруштук берди. Бизге талыкпас эмгеги менен эле эмес, тазалыгы жана жөнөкөйлүгү менен да эл үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөттү. Ал абийирдүүлүк менен иштеп, өмүрүнүн акырына чейин аброй топтоду, кадыр-барк күттү, нарктуу жашады. Мындай жалпы элдик сый-урмат баардык эле жетекчинин шыбагасына туш келе бербес.

Чейрек кылым Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеди, СССР Жогорку Советине 5 жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советине 6 жолу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланды. Ошол мезгил аралыгында Кыргызстанда жаралган көптөгөн жаңы саамалыктар, жакшы жөрөлгөлөр анын ысымы менен тыгыз байланышкан.

Маселен, Турдакун Усубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстан агрардык өлкөдөн индустриалдык-агрардык республикага чейин өсүп жетилди. Ушул мезгилде Кыргызстанда көптөгөн ГЭСтер салынды, завод-фабрикалар, социалдык жана маданий жайлар курулду, жаңы жерлер өздөштүрүлүп, айыл чарбасы ырааттуу өнүктү. Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы, анын тегерегиндеги ажайып имараттар, калаа четиндеги жүз миңдеген калк жашай турган кичи райондор да анын жеке көзөмөлү менен курулган. Ошондон улам, эл оозунда “ордо калаанын башкы архитектору” деген образдуу ысым ыйгарылып, тарыхта калды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары да эл ишенимине ээ болуп, кыргыз парламентинин жаңы шартта, жаңы нукта калыптануусуна жана анын андан ары өнүгүшүнө барандуу салым кошуп келди. Айрыкча өлкөнүн жаратылыш байлыктарын, анын ичинде суу ресурсун сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу жаатында жигердүү аракеттерди жасап, Суу кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу демилгесинин башында турду. Ал азыр дагы өз маанисин жоготкон жок.

Ошону менен бирге, Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеп турган маалда Теӊир-Тоонун бермети Соң-Көлдү соолуп калуудан сактоо, башынан кыргыз жергесин кайып аккан Сары-Жаз менен Каркыра дарыяларынын суусун Ысык-Көлгө буруу, Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу сындуу ири долбоорлор иштелип чыкканын жакшы билебиз.

Ал киши ак ниет, адал эмгек менен кылымга тете жашап өттү десек жаңылышпайбыз. Майдачылыктан өйдө турду, кандайдыр бир ич күйдүүлүктөн, көрө албастыктан оолак болду. Бийликтин бийик сересинде турса дагы өз даражасына манчыркабады. Бийлик мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыгынын артынан кубалап, байлык топтоого, көр дүнүйө чогултууга азгырылган жок. Кыргызстан деген жүрөгүн жана элдик, ыйык, улуу мүдөөлөрдү эч нерсеге алмаштырбай жашап өттү. Ошондон улам, ал кишинин Кыргызстандын өнүгүшүнө сиңирген эмгегин эскерип, ага тургузулган эстеликтин ачылышына келген бардык жарандарыбызга чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет.

Турдакун Усубалиев сындуу кыргыз элинин чыгаан уулдарын такай эскерип туруу ал кишилердин жеке туугандары, жек-жааты үчүн эле эмес, жалпы эл-журт, жаңы муун үчүн өтө маанилүү. Ал кишинин өтөлгөлүү өмүрү менен өрнөктүү ишинен ала турган сабагыбыз али арбын. Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, эң жөнөкөй инсан эле. Дагы бир жолу, урматтуу Турдакун Усубалиевич, Сизге башыбызды ийип таазим этебиз. Элибизде Сиздей улуу инсандар арбын болсун! Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, мамлекетибиз күчтүү болсун!

АРХИВден…

Турдакун Усубалиевдин тарыхчыга айтып берген окуялары…

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн ОСМОНОВдун Турдакун УСУБАЛИЕВдин 100 жылдыгына карата «Эркин Тоо» гезитине жазган макаласын кайталап берип коюуну туура көрдүк.

Мен “Эркин Тоо” гезитинин 2019-жылдын 6-сентябрдагы санына жарыяланган макаламда Турдакун Усубалиевдин борбордук аянт, Тарых музейин куруу таржымалы жөнүндө маегин баяндагам. Бул макалада Усубалиевдин борбор калааны көрктөндүрүү боюнча аракети жөнүндө сөз болот.

“Кыргызстандын борборун оңдоп-түзөөгө отуз жылдык эмгегимди арнадым»,- деп баштаган эле сөзүн дагы бир жолугушууда Турдакун Усубалиевич. Мен ичимден бул киши республиканы жыйырма беш жылча башкарбады беле? Кайсы отуз жылды айтып жатат деп ойлогуча, ал сөзүн: “Шаарды мен 1958-жылдын январынан баштап жетектей баштадым. Мага чейин биздин борборду жалаң эле орус улутундагылар башкарып келген экен. Силер көргөн жоксуңар, 1950–1960-жылдары биздин борбор калаабыз баш-аламан тургузулган, көбүнчө бир кабаттуу үйлөрдөн турган чоң кыштакка окшош болчу. Бул жерде республиканын административдик бийлик органдары жайгашкандыктан гана борбор деп аталган”, – деген Т.Усубалиев.

Шаарды көрктөндүрүү ишин ошол кездеги Кыргызстандын таланттуу жетекчиси Исхак Раззаков менен кеңешип, шаардын башкы планын иштеп чыгууга бирге киришип, бул ишке москвалык адистерди тартышкан экен.

Планга ылайык шаардагы “шанхайлар”, “нахаловкалар” деп аталган кварталдар бузулуп, алардын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, көчөлөр оңдоло баштаган. Ошол жылдары шаардын келбети жыл сайын эмес, ай сайын оңолуп бараткандай көрүнгөн. Албетте, бул өтө татаал, оор жумуштун үзүрү эле. Ошол жылдары шаардагы 20 миңден ашык чийки кирпичтен, баш-аламан тургузулган эски тамдар бузулуп, анда жашагандар көп кабаттуу заманбап үйлөрдө
жайгашкан.

1960-жылдардын башында Фрунзеде адистешкен курулуш мекемеси, курулуш базасы болгон эмес. Бул кемчиликти жоюш үчүн курулуш уюмдары, курулуш техникуму жана курулушчуларды даярдоочу кесиптик окуу жайлары, темир-бетон чыгаруучу завод ошол 1960-жылдары пайда болгон. Муну менен катар курулушчулар үчүн атайын жатаканалар, үйлөр курулган. Шаардын түштүк-батышынан жеке үйлөрдү куруу үчүн атайын жер бөлүп, жумушчулардын үй курулушуна насыя­ларды берип, курулуш материалдары жеткирип берип турганбыз. Натыйжада ал жакта “рабочий городок” деген конуш пайда болгон. Курулушчулардын бейтапканасы иштеген. Курулушчулардын күжүрмөн эмгеги менен борбор калаабыз акырындык менен көрктөнө баштаган.

Мисалы, көпчүлүгүбүз билим алган Кыргыз мамлекеттик университети (азыркы улуттук университет) менен Бишкек мэриясынын алдындагы аянтта мурда бири-бирине минишкен жүздөн ашуун майда тамдар жайгашып, кышында алардан чыккан түтүндөн горкомдон (азыркы мэрия) университеттин имараты көрүнбөй калчу экен. Азыр ишенич кыйын. 1960-жылдардын аягына чейин эле Фрунзе шаарында канализация болбоптур. Эң жакшы деген көп кабаттуу имараттар өзүнөн чыккан кир суу үчүн чуңкурларды казып алып, андан ашык чыккан суунун жыты абаны булгап турган.

Турдакун Усубалиевичтин айтуусу боюнча, борбор калаанын башкы планын иштеп чыгуу иши эле көп убакытты талап кылган. План даяр болгон кезде биринчи иш филармониянын имаратын куруудан башталат. Бул үчүн ушундай имараттардын долбоорун чийген Москвадагы адистешкен институтка кайрылышат. Ал жактан отуз долбоорчу келип Фрунзеде жашап, Кыргызстандын чиймечилери менен биргелешип, төрт айда долбоор даяр болуп, ал боюнча беш жылда филармониянын имараты курулуп бүткөн. Бул ошол кездеги рекорддук мөөнөт болгон. Алсак, Башкырстандын биздикиндей филармониясы он сегиз жыл бою курулуптур.

Ошол жолугушууда Турдакун Усубалиевич азыркы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын курулушуна байланыштуу кызыктуу окуяны айтып берди эле. Ал мындай. 1970-жылы сентябрдын башында Кыргызстанга КПСС БКнын Башкы секретары Леонид Ильич Брежнев келет. Ал Кыргызстандын жетишкендиктери менен таанышып, 7-сентябрда Кыргызстандын партактивинде кеңири доклад жасайт. Ошол мезгилде спорт сарайынын имараты тургузулуп, каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй токтоп калат. Брежневди бүтпөгөн имаратка ээрчитип барууга мүмкүн эмес эле. Каражат суроонун жолун издеп, акыры Турдакун Усубалиев Брежневди коштоп жүргөн жооптуу адамдардын жетекчисине кайрылып, андан Брежневди аэропортко узатуудагы автомашиналардын кортежинин маршрутун өзгөртүп, аны спорт сарайы курулуп жаткан Тоголок Молдо көчөсү менен алып өтүүнү суранат. Анткени, бекитилген маршрут боюнча Бревжневди азыркы Чүй проспектиси менен түз аэропорттун жолу Василевский чоң жолуна чыкмак экен.

Леонид БРЕЖНЕВ: “Ну ладно, напиши письмо”…

Акыры Брежневдин жандоочуларынын башчысы макул болуп, маршрутту өзгөртөт. Турдакун Усубалиевич күлүп эскерген: “Мен, машинага Бревжневдин жанына отургам, сүйлөшүлгөн боюнча кортеж Тоголок Молдо көчөсүнө жакындаганда эле: “Леонид Ильич, биз республикада спортту өнүктүрүү үчүн спорт комплексин куруп жаттык эле, СССРдин Курулуш комитети каражат бөлбөй, курулушу токтоп калды дегиче машина курулуштун тушуна келип калды. Мен шашып колум менен имаратты көрсөтүп калдым. Эскертилген экен, кудай жалгап машина айдоочу да ылдамдыкты азайтып, жай айдады. Леонид Брежнев бул иштер менин аракетим менен болуп жатканын дароо түшүнүп, жылмайган бойдон имарат жакты бир карап, тиземди таптап: “Ну ладно, напиши письмо”, – деп койгон эле деп Турдакун Усубалиевич бажырая күлгөн. Ошентип, жарым жылдан кийин СССРдин Курулуш комитети акча каражатын бөлүп, көрүүчүлөр үчүн 3 миң орундуу, волейбол, баскетбол залы, 50 метрлик бассейни бар спорт сарайы 1985-жылы курулуп бүткөн экен.

“Бишкектеги ар бир чоң имараттын курулушунун тарыхы менин эсимде, мына кичинекей эле дагы бир мисал. Филармониянын жанына борбордо биринчи жолу тогуз кабат үй курдук. Буга СССРдин балык өнөр жайынын министринин Кыргызстанга келиши түрткү болгон. Биз аны жакшы тосуп алып, жакшы достоштук. Кетээринде борбор калаанын калкын балык менен камсыз кылуу үчүн чоң үй, чоң дүкөн салууга жардам бербейсизби деп кайрылсам, шар киши экен, макул болуп чоң акча каражатын бөлдүрүп берген. Ага республикалык бюджеттен кошуп тогуз кабат заманбап үй куруп, биринчи кабатына убада боюнча “Океан” деген дүкөн ачтык. СССРдин балык өнөр жай министри бизге балыкты кенен жеткидей жөнөтүп турду”,-деди Турдакун Усубалиевич.

Ар кандай жолдор менен чоң курулуштарды курууда СССРдин жетекчилерин көндүрүп, каражат бөлдүрүп, көп курулуштарды куруу иштери республиканын өзүндө чечилип, Т.Усубалиев жетектеген жылдары борбор калаа таанылгыс болуп өзгөргөн.

Кыргызстандын статистикалык башкармалыгынын маалыматтарына таянсак, Бишкек шаарындагы турак-жай фондунун, коммуналдык чарбаларынын көрктөндүрүүчү социалдык-тейлөөчү ишканалардын, мектептердин, саламаттыкты сактоочу жана маданиятка тиешелүү мекемелердин материалдык-техникалык базаларынын 80 пайыздан ашыгы 1958–1985-жылдары курулган. Буга чейин шаарда “кичи район” деген түшүнүк болгон эмес. Статистикалык маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жылдары шаарда 7 миллион чарчы метрлик көп кабаттуу үйлөр курулган. Жеке менчик үйлөрдү курууга курулуш материалдары берилген. 1961-жылы Кыргызстанда 28 миң тонна цемент өндүрүлсө, анын көлөмү 1985-жылы 1 миллион 200 миң тоннага жеткен. 1985-жылы респуб­ликада 160 миң курулушчу эмгектенген.

Жанынан өтүп жатып “Ак үй”, “Ала-Тоо” борбордук аянты, Тарых музейи, “Манас” аэропорту, В.И.Ленин атындагы (азыркы А.Осмонов атындагы) мамлекеттик китепкана, кыргыз жана орус драм театрлары, мамлекеттик көркөм-өнөр музейи, “Ысык-Көл”, “Кыргызстан” (азыркы “Хаятт”), “Достук” мейманканалары, Кардиология борбору, “Айчүрөк” универмагы, ооруканалардын шаарчалары, Жогорку окуу жайларынын имараттары, Граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликтер, аянттар, министрликтер менен ведомстволордун имараттары кандайча, качан, кимдин жетекчилиги менен курулганы жөнүндө ойлонобуз.

Турдакун Усубалиев өзүнүн эске­рүүлөрүнүн биринде: “Мен биздин шаардын ар бир чарчы метринде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып бере алам. Шаар­дын ар бир чарчы метринин адамдарга байланыштуу тарыхы бар. Мен ошол адамдар менен бирге шаарды курдук. Шаарды курууда ачуу, таттууну тең бөлүштүк. Акыры борборубуз заманбап шаарга айланды. Биздин борбор жашап жатат. Шаарыбыз кооз, көрктүү, жаныбыз менен бирге. Бишкек – улуттук байлыгыбыз… Мен кыялкеч эмесмин. Бирок алдыга максат койбой, кыялданбай жашоо мүмкүн эмес. Менин бабам Калыгул өзүнүн акылмандыгы, накыл сөздөрү менен кыргыз элинин эсинде калыптыр.

Кыргызстан, анын борбор калаасы үчүн жасаган конкреттүү иштерим менен мен дагы элимдин эсинде калам го деп ойлогом. Бирок, горбачёвчулар менин жана элдин аракети менен мрамордон курулган “ак сарайларда” отуруп алып, биз курган борбордук аянттан эл алдында менменсинип сүйлөп, машиналарында мен курдурган аянттан чалкалап өтүп жатып, Усубалиевден криминалды кантип тапсак деп менин артыман “изкубарларды” салып, мени тебелеп-тепсегенге аракеттенгендери жүрөгүмдү катуу оорутту.

“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген чын экен, менин жыйырма беш жылдык ишимден бир дагы кемчилик таба албай коюшту. Акыры толук акталдым, кыргыз элиме ырахмат, мени кайра Эл өкүлү катары Жогорку Кеңешке шайлашты, Кыргыз эл баатыры катары таанышты. Убакыттын өтүшү менен кимдир бирөө борбор калаабыздагы курулуштардын качан, кимдин жетекчилиги менен курулганын айтаар. Ошондо, жакшы сөз менен мени да эскерип коюшаар деп ишенем…”

 

Турдакун Усубалиевдин көп жылдык адал эмгегине таянган ушул сөздөрү жүрөгү бар адамды ойлонтпой койбос. Тубаса токтоо, көп сүйлөбөй, көп ойлонгон, көп сырын сыртка чыгарбай, ичинен тынган бул улуу адам көзүнүн тирүүсүндө опол тоодой эмгегинин толук бааланбай, айтылбай жүргөнүнө нааразы болуп, арманда кеткенби деген да ойго кетесиң. Улуу адамдын 100 жылдыгын белгилеп жатып, анын тарыхтагы ордун татыктуу бекемдөө коомчулуктун, биринчи кезекте мамлекет жетекчилеринин ыйык парзы деген ойдобуз.

Өскөн ОСМОНОВ

Эске сала кетсек…

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды 24 жыл башкарган. Ал Кыргыз ССРин 1961-1985-жылдары жетектеген. 2015-жылдын 7-сентябрында 96 жашында көз жумган. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкек шаарынын эски аянтына, Нарын шаарынын борбордук аянтына берилген. Нарын шаарынын борбордук аянтына эстелиги орнотулган.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Т. Усубалиевдин тура калып 13 атасын санап берген окуя бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.