Элвира Сурабалдиева мандат алды! Абдурахманхажи Муртазалиев Боршайкомдун чечимин сотко берди!

Элвира Сурабалдиева мандат алды! Абдурахманхажи Муртазалиев Боршайкомдун чечимин сотко берди!
Бүгүн, 11-мартта БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо — Биринчи май жана Свердлов районунда болуп өткөн. АСУнун (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөсү менен Биринчи май округунан 9209 (46,09%) добуш менен талапкер Элвира Сурабалдиева, Свердлов округунан 5797 (17,54%) добуш менен талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга озуп чыккан. Бирок, БШК 9-мартта Муртазалиевди каттоодон баш тарткан. Ага «добуш сатып алуу» фактысы себеп болгон. Муртазалиев Боршайкомдун чечимине нааразы болуп, арыз менен сотко кайрылган. Ошондон улам, БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек.

Эмнеге кайра шайлоо болду? 90-депутат болуп ким келет?

Эске сала кетсек, былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бир мандаттуу Свердлов, Биринчи Май шайлоо округдарынын шайлоочуларынын теңинен көбү “баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон улам, БШК ушул жылдын 27-февралына кайра шайлоону дайындаган.

Буга чейин парламентте 88 депутат иштеп жаткан. Алар былтыр 29-декабрда ишин баштаган. Эл өкүлүнүн 54ү партиялык тизме менен шайланып келсе, 36сы бир мандаттуу округдардан бирден шайланып келмек. 34 округдун өкүлү иштеп жаткан. Биринчи май округундагы шайлоодо утуп чыккан Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңешке 89-депутат болуп келди! 90-депутат болуп ким келээрин азырынча белгисиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.