Кыргыз-тажик чек арасында түндө ок атышуу болду… Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе…

Кыргыз-тажик чек арасында түндө ок атышуу болду… Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе…

Кыргыз-тажик чек арасында түндө (11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында) кайрадан ок атышуу болду. Чек ара кызматынын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Баткен районунун Эски-Таш аймагындагы Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган. Кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуш үчүн эскертүү иретинде асманга ок аткан. Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок аткан. Чек арачыларынын ортосунда ок атышуу 20 минутага созулуп, 03:10до токтогон. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатак орун алган жерде жолугушууну пландашкан.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Алардын маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып, буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан. Тажик чек арачыларына башка да аскерлер жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылганы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени айтылды. Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келгенин билдирди.

Жыйынтыгында, бул окуя боюнча эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктап, иликтөө жүргүзүүнү макулдашылып, сүйлөшүүсү аяктаган. Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун чек ара кызматкерлери сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимге келишкен:

— Ар бир тарап курал колдонулган окуя боюнча иликтөө жүргүзөт. Алдын ала жыйынтык эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат.

— Ар бир тарап чек арага жакын аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, чек арачылар тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы чекти сактоо маселеси каралган. Эки өлкөнүн чек арачылары аскердик техникасын окуя болгон жерден кайра ордуна кайтарууну макулдашкан.

Көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келет…

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 29-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.

Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.