Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат.

Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат.

Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат. Бул тууралуу кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Авиа Траффик Урал” жана “Аэрофлот” авиакомпаниялары макулдугун беришкен. Эмки жумадан баштап учактар уча баштайт.

Бирок… «Аэрофлоттун» расмий сайтында азырынча каттамдарды жандантуу тууралуу маалымат жок.

Эске сала кетсек, “Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылып отурат. Парламенттин кечээги отурумунда миллионго чукул кыргыз жараны Орусияда мигрант болуп жүргөнү, алар учак каттамдары токтогондуктан мекенине каттоодо кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы, авиабилет баасы 7 миң рублден 40 миңге чыкканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.