Султан РАЕВ: «Билал Эрдогандын сөзү Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндун бийик миссиясын белгилейт!»

Султан РАЕВ: «Билал Эрдогандын сөзү Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндун бийик миссиясын белгилейт!»

Түрк мамлекеттер уюмунун штаб-квартирасында дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Билал Эрдоган менен ( Түркия мамлекетинин президенти Эрдоган Реджеп Тайиптин уулу)  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раев жолугушту. Бул тууралуу Султан мырза Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты:

— Түркияда үстүбүздөгү жылы өтүүчү Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнуна карата даярдык жолугушуунун башкы маселеси болду. Түркияда өтүүчү дүйнөлүк көчмөн оюндарына 70тен ашуун өлкөдөн 2000дей этноспортчу катышары күтүлүп жатат. Оюндарды ушул жылдын 25-30-сентябрында өткөрүү белгиленген. Билал бей дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна өзгөчө колдоо көрсөткөн инсан. Быйылкы оюндарды Түркия жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча даярдык иштерди көрүп жатат. Мындан бир ай мурда Анкарада өткөн уюштуруу комитетинин жыйынына катыштым. Оюндардын спорттук жана маданий программасы талкууланды. Бул оюнга дүйнөлүк туристтердин, күйөрмандардын чоң агымы келери күтүлүп жатат.

Былтыркы биринчи уюштуруу комитетинин жыйынында айткан Билал Эрдогандын сөзү эсибизде. Ал минтип айткан эле: “ Түркияда көчмөндөр оюнун өткөрө турган эң кооз жерлер көп. Биз эмне үчүн Изник шаарын, Изник көлүн тандап алдык? Биринчи кезекте, Изник шаарында Түркиянын эң кыйын тарыхында, Селжук доорунда миңдеген километр жерди басып келип, душмандарды жеңүүгө акыркы каны калганча кармашкан, ушу жерде курман болгон кыргыз баатырларынын сөөгү жатат. Бул шаар кыргыз баатырларына болгон таазимибиз, тарыхыбызга болгон урматыбыз, эстутумубуз! Экинчиден, көчмөн оюндары кыргыз элинин дүйнөлүк руханий баалуулугу, бизде өткөрүлүп жатканын түрк эли бир тууган кыргыз элинин зор ишеними катары кабыл алат, оюндарды боордошторубуздун жогорку ишенимине татыктуу өткөрөбүз. Ал эми Изник көлү ар бир катышуучуга Ысык-Көлдөй дух, энергетика берип турсун! Көчмөндөр оюну Ала-Тоодон уланып, Анадолуга келди». Билал Эрдогандын сөзү оюндун бийик миссиясын белгилейт!..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.