ВИДЕО — Таласта сот башталды. Чойбековдун ордуна Бузурманкулов депутат болуп келеби?

ВИДЕО — Таласта сот башталды. Чойбековдун ордуна Бузурманкулов депутат болуп келеби?

2021-жылдын 28-ноябрында Таласта өткөн парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга шектелген эки адамдын иши Талас шаардык сотто каралууда. Эмки сот отуруму 15-мартка болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук соттун маалымат катчысы Эрбол Балыбаев бүгүн, 11-мартта билдирген.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого №21 бир мандаттуу Талас округунан катышкан Бактыбек Чойбековдун пайдасына добуш сатып алууга шектелген эки адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу”  беренесинин негизинде иш козголгон.

Айыпталуучулардын бири Талас шаардык кеңешинин депутаты. Ал депутат экенин айтып, ага коюлуп жаткан айыпты четке каккан.

Ал эми милиция Бактыбек Чойбековго байланыштуу 12 арыз түшкөнүн, добуш сатып алуу болгону тууралуу арыз менен прокуратурага Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков кайрылган маалымдаган.

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоодо №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан.

Шайлоонун эртеси талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкулов Таласта таза өтпөгөнүн баса белгилеп, шайлоону тааныбастыгын билдирген.

Талапкерлер президентке кайрылганын билдирген…

Талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкулов Таластагы шайлоо боюнча  президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге арыз менен кайрылгандарын айтып чыгышкан. Ошондой эле, байкоочу Аскар Садыков да Таласта таза шайлоо  өтпөгөнүн айтып чыккан.

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Соттон адилеттүү чечим күтөбүз!«

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы былтыр, 14-декабрда Талас округунун жыйынтыгын расмий жарыялап, Бактыбек Чойбековду 9773 добуш менен жеңүүчү болгонун билдирген. Ал 29-декабрда парламентте ант берген. Тилекке каршы, анын Жогорку Кеңеште бир дагы маселеде үнүн укканыбыз жок.

Таластагы сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарса, мыйзам боюнча Таласта кайра шайлоо өтөт. Айбек Бузурманкулов кайра шайлоого катыша турган ниетин билдирди. «Соттун адилет чечим чыгарарына ишенесизби?» десек, «Соттон адилеттүү чечим күтөбүз. Сот адилет чечим чыгарып, Таластык шайлоо үгүтчүлөргө жана шайлоочуларга чоң сабак болот деп үмүттөнөм. Таласта кийинки шайлоолордун таза өтүшүнө чоң себепкер болот. Келгиле, ар бирибиз пикирибизди билдирели. №21 шайлоо округунда кайра шайлоо өтсө, көптөргө сабак болуп, таза шайлоо өтөт. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлү алса, адилет чечим чыгат деп ишенем!»,-дейт Айбек Бузурманкулов.

Негизи Таластагы шайлоочулардын көпчүлүгү Айбек мырзанын Жогорку Кеңешке депутат болуп келишин каалаган. Эми узак убакыт сабырдуулук менен акыйкатты күттүк, дагы 4 күн күтөлү. 15-марттагы соттун чечимин күтө туралы, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.