Министр Бообек Ажикеев азык-түлүктүн кескин кымбатташы тууралуу кыргыз элине кайрылды

Министр Бообек Ажикеев азык-түлүктүн кескин кымбатташы тууралуу кыргыз элине кайрылды
Бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев кыргызстандыктарга кайрылып, азык-түлүктүн кескин кымбатташы тууралуу такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.
 — Урматтуу кыргызстандыктар, учурда ар кандай имиштер чыгып жатат. «Дүкөндөрдө кумшекер жок» деп эл негизсиз дүрбөлөңгө түштү. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле жайылып кетти. Бирок, биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен, болгону дүкөндөргө гана түгөнүп калыптыр. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан. Кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандайт.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ӨКМга карагандыктан, так маалымат берип коюуну туура көрдүм. Президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү менен кампалар толукталып, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана килограммы 70 сомдон ашпайт. 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып, бир литри 130 сом болот.
Министр Бообек Ажикеевдин кайрылуусу толугу менен бу жердеги ВИДЕОдо

Президент 1 млн кг кумшекер, 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Буга чейин президент Садыр Жапаров азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу  1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кескин кымбаттаган. Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.