Муртазалиевдин арызы сотто четке кагылды. 90-депутат болуп ким келет?

Муртазалиевдин арызы сотто четке кагылды. 90-депутат болуп ким келет?

Бүгүн, 15-мартта Свердлов округунан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызы Бишкектин административдик сотунда каралып, четке кагылды.

Белгилей кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо — Биринчи май жана Свердлов районунда болуп өткөн. АСУнун (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөсү менен Свердлов округунан 5797 (17,54%) добуш менен талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга озуп чыккан. Бирок, БШК 9-мартта Муртазалиевди каттоодон баш тарткан. Ага «добуш сатып алуу» фактысы себеп болгон. Муртазалиев Боршайкомдун чечимине нааразы болуп, арыз менен сотко кайрылган. Ошондон улам, БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек.

Эмнеге кайра шайлоо болду?

Эске сала кетсек, былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бир мандаттуу Свердлов, Биринчи Май шайлоо округдарынын шайлоочуларынын теңинен көбү “баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон улам, БШК ушул жылдын 27-февралына кайра шайлоону дайындаган.

Буга чейин парламентте 88 депутат иштеп жаткан. Алар былтыр 29-декабрда ишин баштаган. Эл өкүлүнүн 54ү партиялык тизме менен шайланып келсе, 36сы бир мандаттуу округдардан бирден шайланып келмек. 34 округдун өкүлү иштеп жаткан. Биринчи май округундагы шайлоодо утуп чыккан Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңешке 89-депутат болуп келди! 90-депутат болуп ким келээрин азырынча белгисиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.