ТАЛАС: Парламенттик шайлоодогу сот 24-мартка жылдырылды. Эмнеге?

ТАЛАС: Парламенттик шайлоодогу сот 24-мартка жылдырылды. Эмнеге?

Таласта өткөн парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга шектелген эки адамдын иши бүгүн, 15-мартта Талас шаардык сотунда каралмак. Сот отуруму 24-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Аскар Садыков билдирди. Анын айтымында, эки тараптын тең күбөлөрү сотко келбей калган.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоодо №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан. 14-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Талас округунун жыйынтыгын расмий жарыялап, Бактыбек Чойбековду 9773 добуш менен жеңүүчү болгонун билдирген. Ал 29-декабрда парламентте ант берип, ЖКнын депутаты болгон.

Бирок, Бактыбек Чойбековдун үстүнөн арыз түшкөн. Тагырагы, милиция ага байланыштуу 12 арыз түшкөнүн, добуш сатып алуу болгону тууралуу арыз менен прокуратурага Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков кайрылган маалымдаган. Чойбековдун пайдасына добуш сатып алууга шектелген эки адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу”  беренесинин негизинде иш козголгон. Айыпталуучулардын бири Талас шаардык кеңешинин депутаты. Ал депутат экенин айтып, ага коюлуп жаткан айыпты четке каккан.

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Шайлоонун эртеси талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкулов Таласта таза өтпөгөнүн баса белгилеп, шайлоону тааныбастыгын билдирген.

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Соттон адилеттүү чечим күтөбүз«

Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарса, мыйзам боюнча Таласта кайра шайлоо өтөт. Айбек Бузурманкулов  соттон адилеттүү чечим күтөрүн билдирди.

«Сот адилет чечим чыгарып, Таластык шайлоо үгүтчүлөргө жана шайлоочуларга чоң сабак болот деп үмүттөнөм. Таласта кийинки шайлоолордун таза өтүшүнө чоң себепкер болот. №21 шайлоо округунда кайра шайлоо өтсө, көптөргө сабак болуп, таза шайлоо өтөт. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлү алса, адилет чечим чыгат деп ишенем!»,-дейт Айбек мырза.

Эске сала кетсек, алгачкы сот отуруму 11-мартта башталган. Эмкиси — 24-мартта.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.