УКМКнын жасалма дипломду текшерип жатканына Жогорку Сот реакция кылып, жооп берди

УКМКнын жасалма дипломду текшерип жатканына Жогорку Сот реакция кылып, жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин дипломдорду текшерүү иштери тууралуу маалыматтына Жогорку сот реакция кылды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, УКМКнын маалыматында айтылган жасалма дипломдор тастыкталса, сот системасы мындай кадрлардан дароо арылууга даяр. Ошондой эле, Жогорку сот  сот тутуму дайыма компетентсиз мамлекеттик кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүп келаткандыгын билдирет.

УКМК жасалма дипломдорду аныктоо иштерин улантууда…

Белгилей кетсек, УКМКнын басма сөз кызматы жергиликтүү жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштерин улантып жатканын кечээ, 14-мартта билдирип, жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдагандар жана пайдалангандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Ошондой эле, алар жогорку окуу жайда канча диплом текшерилгени боюнча тизме жарыялаган. Ал төмөндө: 

Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;  К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) — 11; Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) — 5; И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) — 5; Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). — 3; Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) — 2; Финансы-экономикалык академиясы — 1; Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы — 2; К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 1; “Дастан” технологиялык университети — 1; Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту — 1; И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) — 1; Бишкек технологиялык колледжи — 1; Бишкек финансы-экономикалык техникуму — 1; Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2; Ош технологиялык университети — 1; Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4; К.Батыров атындагы элдердин достугу университети — 2; Чүй университети — 1; Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму — 1; К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети — 3; Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы — 1; Балыкчы социалдык-экономикалык институту — 1; Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби — 1; Талас мамлекеттик университети — 1;

Эске сала кетсек, ушул жылдын 24-январында УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча текшерүү башталганын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.