95 жылдык айтышта Амантай Кутманалиев томолонуп атып 90 упай менен баш байгени жеңип алды

95 жылдык айтышта Амантай Кутманалиев томолонуп атып 90 упай менен баш байгени жеңип алды

Бүгүн, 16-мартта, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык «Айтыш-2022» болуп өттү. Айтышка Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана бир кезде айтыш жүрүшүн башкарып, акындарды чакырып, убакыт өлчөмүн эскертип, «бали» деп сүрөп отурчу акын, журналист, учурда ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо көрүүчү болуп катышып берди.

Айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзүп, тандалып келген 12 төкмө акын кызыктуу айтыш курушту. Кимдер десе=издер, алар: Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Мамбет Токто Орозо, Мамбет Өмүр уулу, Асылбек Маратов, Абдуали Акимбеков, Максат Кулуев, Мундузбек Усупбек уулу, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев жана баарынын кенжеси Элмирбек Иманалиев.

Айтыш эки айлампа менен өттү. Экинчи айлампага атаандаштарынан 4 төкмө акын: Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Мамбет Токто Орозо озуп чыгып, 90 упай менен баш байгени “Сары кашка” атыккан Кыргыз эл артисти, Ашыралы Айталиевдин шакирти Амантай Кутманалиев жеңип 200 миң сомго ээ болду. 1-орун 150 миң сому менен Акматбек Султан уулуна тийип, 2-орунду алган Баян Акматов 100 миң сом, 3-орунду алган Мамбет Токто Орозо  50 миң сом байге ээси болушту. Калган төкмө акындар да куру кайтпай 35 миң сомдон алышты.

Айтмакчы, Амантай Кутманалиевге баш байгени спикер Талант Мамытов тапшырды. Баса, Мирлан Самыйкожонун айтышты башкаруу кызматын жаш манасчы Азиз Биймырза уулу мыкты аткарды.

Азырынча маалымат ушул, калган айтыш жүрүшүн эртең, 17-мартта, окуй аласыздар! Кызыктар али алдыда…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.