Бүгүн Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтыш болот. 49 төкмө акын турга катышып, 12си өттү. (Тизме)

Бүгүн Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтыш болот. 49 төкмө акын турга катышып, 12си өттү. (Тизме)

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык «Айтыш-2022» бүгүн, 16-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Бул тууралуу төкмө акын Асылбек Маратов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, байге фонду 1000000 сомду түзгөн. Бул айтышка тандоо туру кечээ өтүп, ага жалпысынан 49 төкмө акын катышып, 12си жогорку упай алышкан.

Алар:

1. Амантай Кутманалиев (60 упай);

2. Баян Акматов (60 упай);

3. Акматбек Султан уулу (60 упай);

4. Мамбет Токто Орозо (60 упай);

5. Мамбет Өмүр уулу (60 упай);

6. Асылбек Маратов (60 упай);

7. Элмирбек Иманалиев (60 упай);

8. Абдуали Акимбеков (59 упай);

9. Максат Кулуев (59 упай);

10. Мундузбек Усупбек уулу (59 укпай);

11. Турат Жумаев (59 упай);

12. Мундузбек Борончуев (59 упай).

Наила апанын үнүн бүгүн акындар президентке жеткирээр?..

Ашыралы Айталиев атабыздан ажырап калганыбызга 14 жыл болду. 14 жылдан бери байбичеси Наила Айталиева апабыз абышкасына эстелик, жашаган үйүнүн бооруна такта койдурду, «Ашыке» аттуу китебин чыгартты. Кейиштүүсү 3 жылдан бери буту баспай калып, үйдө отуруп калганы болду. Абышкасынын кадыры үчүн ыйласа жанына киши туралбайт. Былтыртан бери президент Садыр Жапаровго кайрылып кайрылып, «Абышкамдын атын Бишкектеги бир чоӊ көчөгө же музыкалык мектептин бирине атын берип койгула» деп келатат… Күн санаган мүнөт, үзүлбөгөн үмүт менен жашап жатканы чындык.

Былтыр Наила апанын август айындагы президентке кайрылуусу:

Былтыр октябрдагы президентке кайрылуусу:

Наила апанын эки жолку президентке болгон кайрылуусун, үнүн бүгүн төкмө акындар сахнада айтып, президентке жеткирээр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Наила апанын августтагы кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар үн кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Түркиядагы Жыргалбек Касаболоттун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден, Финляндиядагы Асыран Айдаралиевдин пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот

One thought on “Бүгүн Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтыш болот. 49 төкмө акын турга катышып, 12си өттү. (Тизме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.