ВИДЕО — Коронавируста каза болгондордун жаркын элесине арналган аллея ачылып, бак отургузулду!

ВИДЕО — Коронавируста каза болгондордун жаркын элесине арналган аллея ачылып, бак отургузулду!

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустан дагы беш адамдан аныкталганын бүгүн, 16-мартта билдирди. Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталгандан бери COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашып, 2975 адам каза болуп, 196 миңи сакайып чыкты. Учурда 121 адам ооруканада, 140 адам үйүндө дарыланууда.

Ааламды аралай адам өмүрүн алып жаткан коронавирус илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан башталып, кыска аралыкта дүйнөгө жайылган. Бул жаман илдет бизге, Кыргызстанга, 2020-жылы жазында келген. COVID-19 вирусуна чалдыккандар 18-мартта аныкталган. Июлда толкуну катуу күчөп, бир топ адам өмүрүн кыйып кеткен. Дагы эле айланчыктап кетпей, күнүгө жарандарыбыздын катарын суюлтуп жатат.

«Каралуу июль айында»…

«Каралуу июль айындагы» толкунда — 17-июлда 40 жыл эмгегин мектепке арнаган апабыз Уулкелсин Калдымолдоева 72 жашында коронавирустан көз жумган эле… Ушул жылдын (2022-жылдын) 1-мартында пандемияда эрдик көрсөтүп, көз жумган ыктыярчы кыз Адинай Мырзабекова атындагы (Ден соолук) паркка алтын апабыздын элесине арналган (карындашым Жылдыз менен) бак отургуздук. Апабыздын туулган күнү 8-март эле. Ал күнү аллеяга барып, бак суугарып келдим… Мындан ары барып суугарып турам.

Баса, бул паркка коронавируста каза болгондордун жакындары 1-мартта 89 бак отургузушкан. Мындай иш-чараны «Биз чындык үчүн» кыймылынын жетекчиси Ырыскан Зулпукарова уюштурган. Анын айтымында, 89 адам менен байланыш 2020-жылдын июл айында башталган. Анда жакындарын жоготкондор бири-бири менен байланышып, моралдык колдоо көрсөтүшкөн. Атайы группа түзүп, бири-бирине дары-дармек боюнча маалымат бөлүшүп, ооругандарга кам көрүшкөн. Андагы жароокер, боорукер адамдардын саны өсүп отуруп 90го жетип, «Биз чындык үчүн» кыймылы түзүлгөн. Аталган кыймыл алдында коронавирустан каза болгондордун жакындары чогулуп турушарын Ырыскан айым баса белгилеп, буларды айтып берди:

Мен да опол тоо, аска-зоо атамдан (Алмазбек Зулпукаров) 2020-жылдын 20-июлунда ажырагам. Атам Бишкектеги №2 корпустагы Улуттук госпиталда 52 жашында коронавирустан каза болгон. Асыл атамдын жана коронавирустан каза болгондордун жаркын элесине арналган бир нерсе кылгым келди. Ошондон улам, ушундай идея пайда болуп, аллея ачып, бак-дарак отургузууну группадагыларга айтсам, колдоп кетишти.

Бул идея боюнча президент Садыр Жапаровго, Мэрияга кат жазып, канааттандырарлык жооп алганбыз. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев, Ландшафт жана парк архитектурасынын бөлүм башчысы Бактыгүл Сарымсакова “Ден соолук” (Адинай атындагы) парктан орун алып берүүгө жардам көрсөтүштү. Мэрия бекитип берди. Мыйзамдаштырып алгандан кийин, 1-мартта 89 кызыл карагай (сосна) отургуздук. Мындай бакты тандоого Роман аттуу жигит кеңеш берди. 88ин өзүбүз сатып алдык, бирөөн «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы белек кылды. Ошентип, 89 кызыл карагай отургузулду. Ал күнү алыстагылар: Ош, Нарын, Таластан келе албай калышты. Алардын ордуна Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун студенттери келип, бак отургузууга жардамшышты. Студенттерге, мединституттун ректоруна жана жардам кылгандардын бардыгына ыраазычылык билдирем. Мындан ары жамандык болбосун, башыбыз кемибесин, көбөйсүн! Пандемияда каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун! Маркумдарга арналып тигилген бак-дарактар соолубасын!

Пандемияда эрдик көрсөтүп, көз жумган Адинай Мырзабекова

Эсиниздерде болсо керек, Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеген — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылдын 13-июлунда кечке жуук каза болгон.

Жакындарынын айтымында, жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында 11 күн иштеген. Анын бейажал өлүмүнө пневмония (бейтаптардан вирус жуктуруп алганы) себеп болгон.

Андагы президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-июлунда Адинай Мырзабековага «Эрдик» медалын ыйгаруу жарлыгына кол койгон. Ошондой эле, ал Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлер менен ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылган.

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.