Аксы, Апрель окуясына арналган көргөзмө… Президенттин кайрылуусу… «Тайфун» операциясы…

Аксы, Апрель окуясына арналган көргөзмө… Президенттин кайрылуусу… «Тайфун» операциясы…

Аксы окуясына 20 жыл…

Аксы окуясына бүгүн 20 жыл болду. Улуттук тарых музейинде 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган фото-документалдык көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, көргөзмө окуя учурунда тартылып калган сүрөттөр жана архивдик документтердин базасынан түзүлгөн. Кыргызстандын тарыхында болгон урунттуу учурларды мындай эскерүү үчүн уюштурлган фото-документалдык көргөзмө, азаттыкты эңсеген кыргыз элинин ой тилегин чагылдырат.
Мындай иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият министри Азамат Жаманкулов жана тарыхчылар, маданият ишмерлери катышып, тарыхты унутпай тургандыгын, аны менен бирге окуялардын ар бир сүртүмү Улуттук тарых музейинен орун алып сакталышы кубандырарын билдиришти. Бул иш-чаранын уландысы Улуттук илимдер академиясында жыйынтыкталат.

Президенттин кыргызстандыктарга кайрылуусу…

Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы. Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, атка минерлер болсо элден бир топ эле четтеп калган. Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.

Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.
Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!

Эгер 20 жыл мурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр, журналисттер ушул кайгылуу окуяны чагылдырганы келишсе, эми Аксынын мээнеткеч жана меймандос калкын, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын өзгөрүүдө.
Бүгүнкү күндө калыстыкты туу туткан элибиздин эркине каршы келген буга чейинки жагымсыз окуялардан, урунттуу учурлардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу — биздин башкы мүдөөбүз! Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен кыргызстандыктардын ынтымагын чыңдап, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!

«Тайфун» операциясы…

2002-жылы 17-мартта, «Тайфун» операциясы иштелип чыгып, Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, 6 адам каза болгон. Ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялаган андагы депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны абактан бошотуу, Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптарын коюп эл көтөрүлгөн. Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда да көтөрүлгөн. Тилекке каршы, Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Азимбек Бекназаров жана Аксы окуясы кенен маалымат бул жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.