Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар насыя алат

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар насыя алат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 160 миллион доллар насыя берүүгө даяр. Депутат Дастан Бекешев бул маселе тууралуу өзүнүн «Телеграм» каналына жарыялады. Анын жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы ала турганы көрсөтүлгөн.

Насыя берүү боюнча макулдашууга 2021-жылы кол коюлганын Каржы министрлиги кабарлады. Фонддун 80 млн доллар өлчөмүндөгү каражаты 2022-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилген. Министрлер кабинети каражатты экономиканын бир катар секторлорун каржылоого жумшайт.

Насыя туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо; өнөр жайды өнүктүрүү жана колдоо үчүн «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун каржылоо; чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн Ишкердикти колдоо фондун каржылоо; энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объектилерин жакшыртуу үчүн бюджеттик насыя берүүгө жумшалат.

Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.