МЭРИЯ: «Шаарга 25 жер тилке кайтарылды»

МЭРИЯ: «Шаарга 25 жер тилке кайтарылды»
Муниципалитет Түштүк магистралдын боюндагы Бах көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки жер тилкелерин шаарга кайтарып берди. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта билдирди.
Алардын айтымында, буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 жер тилкесин колдонуу укугун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Райондук сот бул чечимди канааттандырарлык деп тапты. Бирок шаардык сот алардын айрымдары боюнча административдик соттун чечимин жокко чыгарган. Иш Жогорку соттун кароосуна жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 25 жер тилкесинин менчик укугун жокко чыгаруу боюнча райондук соттун баштапкы чечимин күчүндө калтырды:
-32а-43
-32а-44
-32а-45
-32а-46
-32а-47
-32а-54
-32а-56
-32а-58
-32а-62
-32а-63.
Азыр бул жер тилкелери муниципалдык. Ал эми калган 15 участок соттордун кароосунда.
Инспекциянын иши боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Свердлов району: 0705003137;
Октябрь району: 0551551745;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0550070505.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп 2022-жылдын 24-февралында дайындалган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.