Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Балдар автобустарынын каттамына реакция кылып, планга киргизген мэрге ыраазычылык»

Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Балдар автобустарынын каттамына реакция кылып, планга киргизген мэрге ыраазычылык»

Эркин журналист Айчүрөк Борукеева окуучуларга керектүү, маанилүү маселени 2019-жылдан бери көтөрүп, какшап айтып, социалдык тармактарга жазып эле келатат. Андагы президент Сооронбай Жээнбековго, 2021-жылы Мэрияга, андагы вице-мэр Балбак Түлөбаевге «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылган. Эч кимден эч кандай жооп болгон эмес.

Бул маселени кесиптешибиз жакында эле мэр болуп келген Эмилбек Абдыкадыровго да жеткирген. Тагырагы, 2-марттагы мэрдин маалымат жыйынында айткан. Мэрдин жообу төмөндөгү ВИДЕОдо:

Ата-энени кубанткан жакшы жаңылык…

Кечээ, 16-мартта Бишкек мэриясы Бишкек шаарындагы мектеп автобустарын ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирген. Тагырагы, вице-мэр Максатбек Сазыкулов парламент жыйынында суроолорго жооп берип жатканда айткан. Мындай жакшы жаңылыкты уккан Айчүрөк Борукеева бүгүн, 17-мартта «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

Жакшы жаңылык. Буйруса, жакын арада Бишкекте балдар автобустары каттап баштайт экен. Ата-эне катары окуучулар үчүн автобустарды жүргүзүүнү суранып келгем. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ар бир мектеп үчүн өзүнчө унаага жетүү али алыс, бирок, бизге туура уюштуруп, тартипке салынып, график, саат-сааты менен белгилүү линияларда эле окуучулар үчүн атайын каттамдар болсо эле жетишмек. Ар бир окуучу белгилүү саатта автобусун күтүп, улам бири мектебинин аялдамасынан чекесинен түшүп отурмак. Ыңгайлуу, бөтөн кишилер түшпөгөндүктөн ары коопсуз да болмок. Каражат казынага түшмөк. Ата-эне да алаксып ары-бери чапкылабай, санаасы тынчыраак дегендей.

Жаңы мэр Эмилбек Абдыкадыров кызматка киришээр замат дароо пресс-конференция берди эле. Ошондо ушул суроону берип, өтүнгөн элем. Сунушту жактырып, колдогон. Тез арада реакция кылып, планга киргизген мэрге ыраазычылык.

Бишкектеги канча үй-бүлөнүн маселеси турат мунун артында. Автобустар ЕБРР тарабынан келген ыңгайлуу, 10, 5 -12 метрлик автобустардын ичинен каттамга коюлаары айтылган.

Көрүнгөн тоонун ыраагы жок. Балдардын кубанычына ортоктош болчу күндү күтөбүз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.