ВИДЕО — Жогорку сот жетекчилиги Аксы, Апрель окуясында каза болгондордун эстелигине гүл коюшту

ВИДЕО — Жогорку сот жетекчилиги Аксы, Апрель окуясында каза болгондордун эстелигине гүл коюшту

Бүгүн, 17-мартта Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, орун басары Нурлан Мусаев, орун басарынын милдетин аткаруучу Айнаш Токбаева Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Боспиекте окко учкан алты адам…

Эске сала кетсек, 2002-жылы, дал ушул күнү, андагы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча Аксы эли нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, натыйжада алты адам каза болгон.

Жыл сайын Жогорку соттун жетекчилиги адилеттик, эркиндик деп өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылышат. Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркулов эскерилет.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

P.S. Азимбек Бекназаров жана Аксы окуясы тууралуу кенен маалымат бул жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.