«Эл аралык мода жумалыгы» өтөт. Келиңиздер!

«Эл аралык мода жумалыгы» өтөт. Келиңиздер!

Бүгүн, 18-мартта «Эл аралык мода жумалыгынын» VI сезону Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтөт. Мындай иш-чараны уюштуруп жаткан эркин журналист Назира Бегим.

Назира айымдын айтымында, бул иш-чараны колдогон эч кандай демөөрчү жок, өз күчү менен өткөрүп жатат. Бардык нерсе каражатка келип такалгандыктан, бу жолу чет элдик дизайнерлер чакырылбагандыгын айтып, өзүбүздүн 15 ата мекендик дизайнерлердин (алардын арасында студенттер да бар) мыкты эмгектери, эксклюзивдүү коллекциялары көрсөтүлөрүн билдирди. Жандуу музыка менен өткөрүлө турган «Эл аралык мода жумалыгына» келип, көңүл ачып кетиңиздер!

Билет баасы — 1000 сом. Байланыш телефондору: 0706 235 237, 0773 235 237.

Бир кезде манас айткан кыз…

Бир кезде манас айткан Назира Бегим буга чейин мындай иш-чараларды өткөрүп келген. Кыргызстанда алгачкы жолу «Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл — 2019» фестивалын өткөргөн. Ага дүйнөнүн төрт бурчунан дизайнерлер келип, өнөрлөрүн тартуулап, Кыргызстандын кооздугуна суктанып кетишкен.

Назира Бегим жөн кыз эмес, ал айтылуу Мажит, Керет баатырлардын, Касымалы Жантөшов, Мар Байжиевдин небереси, Анарбек Ибраевдин жээни. Бул тууралуу кенен маалымат бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.