БАТКЕН — Садыр ЖАПАРОВ: «Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр!» (ФОТО)

БАТКЕН — Садыр ЖАПАРОВ: «Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр!» (ФОТО)

Баткенде 1 тонна сүмөлөк кайнатылууда…

Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата 1 тонна сүмөлөк кайнатуу бүгүн, 20-мартта башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, сүмөлөктү кайнатуу учурунда жалпы кыргыз элин кешик ырыскысы бир казандап даам сызып, бир түндүктүн алдында биригип, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин тиленип, 7 дубандын жана эки шаардын (Нарындын Көкөмерен суусу, Ордолуу Оштун Ак-Буура дарыясынын, Ысык –Көлдүн суусу, Жалал- Абаддан Көк – Арттын, Чүй облусунун, Талас облусунун, Бишкек шаарынын Ала- Арча суусу жана Баткен облусунун Козу- Баглан) суулары коюлду.
Мындай иш-чарага Маданият министри Азамат Жаманкулов, манасчылар, төкмө акындар, белгилүү өнөр адамдары жана “Шайыр апалар” катышты.
Элибиздин аруу тилеги менен сүмөлөк таң атканча кайнатылат. Эртең, 21- мартта ачылып, меймандарга таратылат.
Нооруз майрамына арналган салтанаттык иш-чара эртең, шаардык стадиондо саат 10:00до башталып, Баткен шаары шаңга бөлөнөт.

Президент сүмөлөк аралаштырып…

Баса, ушул эле күнү президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамынын алдында сүмөлөк даярдоого катышты. Ал сүмөлөк бышырылып жаткан казанды аралаштырып, кыргыздын байыркы ишеними боюнча аруу тилектерин айтты:

«Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр! Жергебизде тынчтык болсун! Быйылкы түшүмүбүздүн ырыскысы мол болсун!
Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн! Эң негизгиси, тынчтык болсун!», — деди.
Ошондой эле, президент жубайы экөө манасчылардын, төкмө-акындардын, комузчулардын жана аккордеончулардын коштоосунда чакан концерттик программага күбө болушту. Отту тегеректеп олтурган кадырлуу аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.
“Кыргызстан Баткенден башталат” деген президент Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү менен бирге катышып жаткан Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу иш-чаралар Баткен облусунун гүлдөп-өнүгүүсүнө дем берүү максатта өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле, ал төкмө акындардын өнөрүнө көңүл бөлүп, кыргыздар эзелтен кол өнөрчүлөрдү, манасчыларды жана акындарды баалап, урматтап келгенин баса белгилеп, “Биз аларга шарттарды түзүп жатабыз, муну мындан ары дагы улантабыз”, — деди.
Мамлекет башчысы Баткен облусу өзгөчө макам алганын жана анын тургундары белгилүү бир жеңилдиктерге ээ болгонун эске салып, “Мамлекеттин бардык аракети, мүмкүнчүлүктөрү Баткенди өнүктүрүүгө багытталган”, — деп, жергиликтүү тургундарды дагы бир жолу Нооруз майрамы менен куттуктады.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.