МАЕК — Гүлбүбү БАЙБУГУЕВА: «Сүйгөн адамыңдын чокою да көзүңө жакшы көрүнөөрү анык…» Жоктоо ыры…

МАЕК — Гүлбүбү БАЙБУГУЕВА: «Сүйгөн адамыңдын чокою да көзүңө жакшы көрүнөөрү анык…» Жоктоо ыры…

«Ынтымак ырлары» коомдук бирикмесин ачып, «Теңир Тоо жаңырыгы» тобун түзгөн, биринчи даражадагы Рыспай Абдыкадыров орденинин ээси, Нарын облусунун Ардактуу атуулу, Маданияттын жана Жаратылыш коргоосунун мыкты кызматкери, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, ырчы Гүлбүбү БАЙБУГУЕВА эжебиз бизде конокто. Эжебиз учурда Нарын шаардык Аксакалдар сотунун жооптуу катчысы болуп эмгектенет. Маегибиз бүгүн жолдошун жоктоп жазган ырынан башталды.

«22-март…23 жыл мурун өтүп кеткен жолдошумдун жаркын элесине арнайм»

Жазып коюп көп ирет баштагымды,

Далай жолу өчүргөм жазганымды.

Таалай коштоп атылган таңдар болгон,

Күндөр өткөн, кара баскан асманымды.

Табылганга сүйүнүп турган жүрөк,

Жоготконго күйүнүп курган жүрөк.

Өткөнүмдөн кара так ыроологон,

Жүрөгүмдө бир арман жашап жүрөт…

Жалгыз тарткам жашоонун арабасын,

Жатка, доско билгизбей кара башым…

Ошондо да, оодарбай жашап келгем,

Турмуш деген неменин таразасын…

Бүгүн марттын жыйырма экинчи күнү эле,

Анда ал да, жигиттин гүлү эле.

Арабыздан шум ажал алып кеткен,

Каран калгыр, кайгынын түнү эле…

Билинбестен жыйырма үч жыл өткөн тура,

Жылдар күбө, айттырбай азыр буга.

Жыйырма үч жыл өзүңсүз таңдар атып,

Жыйырма үчүнчү сен кеткен көктөм тура..

Чырпыктарың жетилип мөмөлөөдө,

Мени болсо, бул жашоо өгөлөөдө…

Кемип улам четинен кайран өмүр,

Окшоп барам, кеч күздөгү чөмөлөгө…

Оңдоп түздөп, четинен чарбагыңды,

Сыйлап жашап келемин арбагыңды.

Кара ташка капамды төгүп айтып,

Аяп турам, артыңдагы балдарыңды.

Буга шүгүр, колумда калем сабым,

Жазып жүрөм жашоонун ар кыл жагын.

Узун өмүр берсе деп жараткандан,

Тилеп жүрөм балдардын таалай, багын.

Баар таптым адилет, калыстыктан,

Адамдарга моюн бербей, чалып жыккан…

Ырлар арнап жүрөмүн эл-журтума,

Көөдөнүмдү оргуштап жарып чыккан.

Кеп өмүрдө экөөдө, бирөөдө эмес,

Айгай салып артыңдан сүрөөдө эмес.

Өзүн өзү курчутуу керекпи дейм,

Кеп кайракта, же бүлөгөн бүлөдө эмес…

Ээ жараткан, ачык кыл асманымды,

Элге сиңир, уктабай жазганымды.

Кабыл кылчы, ак тилек ойлорумду,

Аман койгун, аманат балдарымды.

Өткөн өтүп, кеткендер кетет экен,

Калгандары таалай же шор кечет экен.

Тирүүлүгүн кооздоп жашаганды,

Тирүү жүргөн пенде өзү чечет экен,

Таңгөрү…

— Эже, жоктоо дартын 23 жылдан бери жеңе албай келатканыңыз жогорудагы ырыңыздан эле байкалат… Сүйүү деген эмне өзү?..

— Сүйүү деген менин оюмча, бир көз караштан дүрт этип жанып, алоолонгон от болуп, бүткүл жан дүйнөңдү ысытып, бакытка балкыта турган бир сыйкыр күч го. Сүйгөн адамыңдын чокою да көзүңө жакшы көрүнөөрү анык…

Тамаша чыны аралаш, сүйүү жөнүндө…

Сүйүүлүү жүрөк карыбайт,

Сүйүүлүү адам арыбайт.

Сүйүүдөн бүткөн кеселди,

Бир гана сүйүү дарылайт.

Сүйүүсүз жашоо, жашообу?

Көрбөгөм андай жашоону.

Жоошутуп коет заматта,

Чын сүйүү алпты, азоону.

Сүйүү бар жерде, майрам бар,

Сүйүү бар жерде, сайран бар.

«Сүйүү» деп жүрүп, сүйрөлүп,

Өз огунан тайган бар…

Сүйүүдөн чаңкоо канбаган,

Сүйүүнү эч ким танбаган.

Сүйүүдө болот касиет,

Макоону деле чанбаган.

Башкадан артык сезилип,

Багына турса кезигип.

Бактылуу болуп жүргөн бар,

Байпагын көрсө эзилип…

Сүйүүсүз дүйнө, дүйнөбү?

Сүйүүлөр сактайт, дүйнөнү.

Сүйүүдөн калбай, куру жалак,

Ар кимдин болсун, сүйгөнү.

Аял-эркек турмуштун эки түрдүү нотасы. Бири жок, бири күүгө келбеси анык!

— Жолдошуңузга арнаган ырыңыз бар да э? Өзүнө окуп берип кубаттыңыз беле?

«Таптымбы» деген ыр жолдошума арналган. Өзү окуган, окуп сүйүнүп калды эле… Ал ырыма белгилүү ырчы, композитор Адылбек Кыязов обон жараткан. Ырчы Айзада Султанова ырдап жүрөт. Ырчылар, обончулар ыңгайына жараша кай бир жерлерин өзгөртүп коюшат экен. Албетте, менин макулдугум менен өзгөртүшөт.

Көп ичинен издеп жүрүп бактымды,

Сага окшогон солто уулунан таптымбы

деген саптары бар, ырымдын. Аны «кыргыз уулун таптымбы» деп ырдап жүрөт. Эми өзүм нукура тексти менен ырдап койсомбу деп жүрөм.

— Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта эле?

— Жолдошум чыгармачылыкка такыр кызыкчу эмес. Ыр жөнүндө түшүнгүсү да келчү эмес. Өзү орус мүнөз адам эле. Анткени анын кесиби такыр башка болчу,  Автожол техникумду бүтүп, көп эле жумуштарда иштеди. Автомектебинде окутуучу, курулуш мекемелерде бригадир болуп эмгектенген. Союз кулагандан кийин Кытайга каттап жүрдү. Балдарга өтө карамдуу камкор ата эле. Тамак-аш, кийим-кече эле үйгө ташып турчу. Негизи жакшы адам болчу. Учурунда билинбейт экен, адамдын кадыры.

— Артыкчылыгы, кемчилиги эмнеде эле?

— Артыкчылыгы ак көңүл, кең пейил, берешен эле. Кемчилиги — өтө кызганчаак эле. Көлөкөсүнөн да кызгангысы келген адам болчу. Тамашалап, «өлүп калсам ала кетем» деп калаар эле … Көрсө, мени өтө жакшы көрчү турбайбы… 8-мартта, 29-декабрдагы туулган күнүмдө кызыл жоогазын алып берчү.

Эгерде азыр болсо, хит болуп аткан «Жолуккан кандай жакшы» аттуу ырымды угуп алып, «Муну кимге арнадың эле?»,- дейт беле, ким билет?! Тамаша, бирок, чын эле ошентмек!

— Кайсы сөзү эсиңизде калды?

«Мен өлүп калсам күйөөгө тийбе!» дейт эле, кургурум…

— Кайсы окуяны эстеп күлөсүз?

— Жолдошум өтө ойноок эле, тамак бышкыча чыдабай кетчү. Бир күнү тамак бышканча алдап турайын деп жашынмак ойноону суруштасам макул болду. Кыш мезгили эле. Менден жашынып балконго чыгып кетти. Анан мен тамак бышканча балконду ачпай койдум. Такылдатып атат… Мен дагы тамашөкөймүн. «Сен каяктагы кишисиң? «Мен жокто чоочун кишиге эшик ачпа!» деген жолдошум. Күйөөм кызганчаак» деп тамашага салып атып, тамак бышканда ачкам. Ошол окуя тааныштардын арасында ушул күнгө чейин лакап болуп айтылып жүрөт. Кезинде гезитке чейин чыгып кеткен эле. Ошол окуяны эстесем эле күлөм …

— Кайсы жерге келин болдуңуз эле? Жолдошуңуз менен кайсы жерден таанышып калдыңыз эле?

— Бир коноктон таанышып калып, бат эле баш кошуп алганбыз. Мен өзүм Нарындын кызы, Чүйдүн келинимин. Жолдошум бир үйдүн улуусу, эки эне баккан жигит эле. Баккан энеси, тапкан энеси дегендей. Кайын энем да Нарындан эле, ошондон улам эже кылып алгам. Мени өмүр бою сиңдим деп жакшы көрдү. Кайын атам, кайын энем экөө тең карапайым, тамашөкөй сонун адамдар болчу. Кайын энемди кайын атам да убагында кызганса керек. Баласынын кызганчаактыгын байкап калып, күлүп: «Канында бар го, атасы деле ушундай эле» деген эле…

— А сизчи, кызганчу белеңиз? Кызганууну айрымдар сүйүү десе, айрымдары ишенбестик дейт. А сиздин көз караштачы?..

— Мен кызганчаак эмесмин. Ишенбестикке жол берген эмесмин. Албетте, кызганбай деле сүйсө болот да. Менде сүйүү болгон үчүн ачык мүнөз, ичинде кири жок, адамкерчилиги бийик жолдошум менен туура 20 жыл чогуу жашадым. Алтындай болгон балдарымды таптым. Балдарымдан бир уул, бир кызымдын мүнөздөрү, келбети да окшош.

— Жашоо деген эмне?

— Жашоо деген — жасоо деген сөз го. Тирүүлүктө «ушундай ишти кылсам, артымда бир из калтырсам, уят болбосом, элден калбасам..» деп жанталашып жашап жүрүп өтөт экенбиз. Кудайым максатсыз жашоодон алыс кылсын. Кара курсакты тойгузабыз деп жүрүп, жан дүйнөбүздү ачка калтырбасак экен. Ылайым эле тынчтык болсун, калганы табылат. Ушул боюнча ырым бар:

Балдарың тынч үйдө уктаса,

Атылган ок үнүн укпаса.

Асмандан ажалды жаадырган,

Канатчан «желмогуз» учпаса…

Шүгүр дейли

Байлыкка толсо да төрүбүз,

Бозоргон топурак көрүбүз.

Экенин билбеген жан болдук,

Текебер сүйлөгөн көбүбүз…

Корооңдо буйруксуз гүл өнбөйт,

Өлгөнчө ырыскың түгөнбөйт.

Көз салып, кур койбойт жараткан,

Ачка же тогуңду түгөлдөйт.

Ашкере ачкөздүк адамда,

Болгону чын эле жаман да.

Баарысы табылат бар болсок,

Согуш жок, тынч болсо ааламда.

Жулунуп аш жыйнап жатабыз,

Коңшудан кызганып катабыз.

Капыстан шум ажал баш бакса,

Жүктөнүп каякка качабыз…?

Максатсыз кеч кирип таң атат,

Пейилдер бузулуп баратат.

Жетимдер жей турган тамакты,

Жексурлар жутунуп талашат.

Жараткан каарына албасын,

Жалпыга каран түн салбасын…

Бирдики түмөнгө көрүнүп,

Каргышка капталып калбасын…

Тобо деп, жаканы кармайлы,

Ачкөздүк жаман иш, аңдайлы.

Тирүүлүк бүтөөрүн акыры,

Түшүнүп турабыз, танбайлы.

Артыкбаш аш жыйнап бир күнү,

Кудайдын каарына калбайлы,

Таңгөрү…

— Алгачкы ырыңызды канча жашыңызда жаздыңыз эле?

— Алгачкы ырымды 4-класста окуп жүргөндө жазгам. Ал «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган. Турмуш-тырмыш дегендей балдар кичине, ишим оор болуп, чыгармачылыктан алыс калып, кийин кайра кайрылып келдим. Чыгармачылык менен алектенип жүргөн кезим. Учурда үч китеп чыкчу ырларым даяр. Чыгарууга кичине шарт болбой турат. Буга чейин «Ыйлаган заман», «Чындык ыры», «Жүрөлүчү жүрөктөрдү оорутпай» аттуу үч китебим жарык көргөн. Эки китебимдин баш сөзүн маркум иним Зайырбек Ажыматов жазган.

— Канча ырыңызга обон чыкты?

— Баш-аягы 40тан ашуун ырларыма обон чыккан. Көбү ырдалып атат. Дагы эле ырларыма обон чыгарып аткан композиторлор бар. Менин ырларыма Камчыбек Жусупов, Адылбек Кыязов, Күмөндөр Абылов, Майрамбек Осмонов, Мамарасул  Мавлянов, Нуркан Турсунбаев, Анапия Райымбекова, Алмаз Эсенгул уулу, Жолдошбек Исраилов жана башка көптөгөн обончулар обон жараткан. Ырларымды Айзада Султанова, Гүлназ Бекбосун кызы, Кыргызбай Осмонов, Анара Мадиева, Анапия Райымбекова, Баатыр Ырсалиев, Лира Райымбекова, Бурул Дуйшеева, Камчыбек Мамбеталиев, Жайнагүл Калчаева жана башка көптөгөн ырчылар ырдап жатышат.

— Кайсы акынды кумир тутуп келесиз?

— Бала кезимден эле кумир туткан акыным Байдылда Сарногоев. Бардык ыры дээрлик жагат. Өзүмдүн жердеш агам Эсенгул Ибраевдин ырлары жагат. Мааниси курч, тамаша аралаш, окусаң жетелеп кетет алыстыктарга… Адамдардын баркы өлгөндө билинет. Айрыкча бизде, кыргызда!

«Тирүүлүктүн өзү майрам» деп байым Эрнис какшап айтып кеткендей, тирүүлүк майрам. Тирүүлүктө Гүлбүбү эжемди барктап, баалап алалы! Эжемдин «Өмүрлүк жарыма» аттуу ыры менен маекти аяктайм!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.