ТИМ: «Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок»

ТИМ: «Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок»

Кытайда кырсыкка учураган учактын ичиндегилер арасында кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган. Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.