ВИДЕО — Асан Турсункуловдун «Кылым дастаны. Буюккан кайран жылдыздарым» көргөзмөсү Ошто…

ВИДЕО — Асан Турсункуловдун «Кылым дастаны. Буюккан кайран жылдыздарым» көргөзмөсү Ошто…

Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуу отличниги, Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, С.Чокморов жана Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, белгилүү сурөтчү Асан Турсункуловдун «Кылым дастаны. Буюккан кайран жылдыздарым» аталыштагы кезектеги көргөзмөсү кечээ, 21-мартта Баткенге коюлду. Эртеӊ, 23-мартта Ошко коюлат.

Эске сала кетсек, Асан Турсункуловдун көргөзмөсү былтыр, 12-ноябрда «Алтын уютку» аталышта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусство музейине коюлган. Ал иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев, Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев, Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл адамдар, маркумдардын жубайлары, туугандары катышкан. Аны төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот.

Кайран гана залкарлар…

Турмушка из калтырып кеткен залкар саясатчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл адамдардын портреттеринин тизмеси:

  1. Абдыкадыр Орозбеков,
  2. Жусуп Абдырахманов,
  3. Баялы Исакеев,
  4. Төрөкул Айтматов,
  5. Касым Тыныстанов,
  6. Арстаналы Осмонбеков,
  7. Алыкул Осмонов,
  8. Жоомарт Бөкөнбаев,
  9. Мукай Элебаев,
  10. Жусуп Турусбеков,
  11. Атай Огонбаев,
  12. Муса Баетов,
  13. Шаршен Термечиков,
  14. Нуркамал Жетикашкаева,
  15. Сүймөнкул Чокморов,
  16. Динара Асанова,
  17. Кусейин Эсенкожоев,
  18. Дүйшөнкул Шопоков,
  19. Чолпонбай Түлөбердиев,
  20. Бүбүсайра Бейшеналиева,
  21. Алтымыш Усубалиев,
  22. Мидин Алыбаев,
  23. Райкан Шүкүрбеков,
  24. Болот Миңжылкыев,
  25. Султан Ибраимов,
  26. Молдобагыш Сарыбай уулу,
  27. Асанбек Табалдиев,
  28. Мелис Убукеев,
  29. Төрөгелди Балтагулов,
  30. Бейшенбек Мураталиев,
  31. Жумабек Ибраимов,
  32. Насирдин Исанов,
  33. Шералы Сыдыков,
  34. Анарбек Бакаев,
  35. Таттыбүбү Турсунбаева,
  36. Жолон Мамытов,
  37. Турар Кожомбердиев,
  38. Абдыкалый Молдокматов,
  39. Аман Токтогулов,
  40. Орозбай Көчкөнов,
  41. Рыспай Абдыкадыров,
  42. Ормонбек Асанов,
  43. Сагипа Чечейбаева,
  44. Бекмамат Осмонов,
  45. Эркинбек Матыев,
  46. Талгат Нигматуллин,
  47. Асанкалый Керимбаев,
  48. Сатыбалды Жээнбеков,
  49. Чолпонбек Өмүракунов,
  50. Чоро Кожомжаров,
  51. Сейдалы Медетов,
  52. Чолпонбек Базарбаев,
  53. Шаршенбай Мааткабылов,
  54. Жолдубай Кайыпов,
  55. Казыбек Мамбетимин уулу

Ушундай залкар инсандардын арасына 2020-жылы 8 адамдын: Мелис Эшимканов, Табылды Эгембердиев, Майра Керим кызы, Белек Жумабаев, Улан Эгизбаев, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Адыл Сайдиновдин портрети кошулган. ШИЛТЕМЕ

Былтыр, 2021-жылы Эрнис Асек уулу, Гүлбү Орозкул кызы, Беганас Сартов жана Калмурат Рыскуловдун портрети кошулду.

Аскар Салымбеков Эрнис АСЕК уулунун портрети тууралуу:

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.