Замирбек Базарбеков “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолукту

Замирбек Базарбеков “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолукту

Бүгүн, 22-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолукту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев,  Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усупбаев, ошондой эле, “Укук булагы” долбоорун баалоо боюнча эксперт,  Жордж Вашингтон ниверситетинин Эллиота эл аралык мамилелер мектебинин профессору Шон Робетрс катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар сот тутумундагы учурдагы кырдаалды, реформаларды, ошондой эле «Укук булагы» долбоорунун алкагында мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Замирбек Базарбеков: Маалым болгондой, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында өлкөнүн сот тутуму сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын, соттордун беделин жана элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатууга багытталган радикалдуу чечимдерди, олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылары белгиленген. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-мартында соттордун курултайы өтүп, ага өлкө президенти Садыр Жапаров катышкан. Бул өлкө жетекчилигинин пландаштырылган реформалардын ийгиликтүү ишке ашуусуна түздөн-түз кызыкдар экенинен кабар берет”, — деди. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.