Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Алексей Рогов менен жолукту

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Алексей Рогов менен жолукту
Бүгүн, 24-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, жаштардын чыгармачылык жана ойлоп табуучулук ишмердигин өнүктүрүү жаатында маселелерди талкуулашты.
Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери, ведомство тарабынан ишке ашырууга пландалган “40райондон 40 демилеге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”, “Аймактык мектептерге коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо” долбоорлору боюнча маалымат берди. Ал эми Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердиги, аймактарда ишкердикти колдоо борборлорунун ачуу, жаштар жана билим берүү багытындагы долбоорлору тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар аймактарда инновациялык борборлорду ачуу, мектептерге дайындоо үчүн коомдук башталыштагы илимий жетекчилерге семинар уюштуруу, STEM “Билим кербенин” өткөрүү маселелерин өнөктөштүктө ишке ашырууну карап көрүүнү макулдашты.
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.