Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Сотто утулган тарап эч качан сотторду мактабайт, жактабайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Сотто утулган тарап эч качан сотторду мактабайт, жактабайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш»

Бүгүн, 24-мартта “Соттор менен ЖМКнын ортосундагы байланыштарды бекемдөө” боюнча экинчи жолу өтүп жаткан экинчи тегерек столго Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чара Ысык-Көл облусунда уюштурулуп, ага Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева жана жергиликтүү соттун судьялары,  Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган Программанын негизги эксперти Александру Тэнасе, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы журналисттер катышкан.

Замирбек Базарбеков бүгүнкү күндө төртүнчү бийлик катарында саналган массалык маалымат  каражаттары сот тутумунун ачык –айкындуулугун,  адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине болгон  ишенимин жогорулатууда ролу, таасири чоң экендигин таанып, ачык кызматташууга чакырды.

Сөзсүз сотто утулган тарап эч качан сот бийлигин, сотторду мактабайт, жактабайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мына ушул жерде, сиздердин өтө сабаттуу жазылган макала –иликтөө  аналитикаңар  бизге, коомчулукка күзгүдөй  керек. «Кой аксагы менен миң» дешет кыргыздар…

Кээде, бир фактыга  таянбай туруп, жазылган макаланын автору сыяктуу, биздин соттордун арасында да калыс иш  алып баргандар жок эмес.  Аны тана албайбыз! Ошондуктан, бүгүн сиздер менен жолугушуп, мындан аркы байланыштарды бекемдөө боюнча сунуштарыңыздарды укканга даярмын. Бүгүнкү жолугушууда негиздүү сын-пикирлер айтылып, сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара байланыштар, кызматташтык боюнча сунуштар берилет деп ишенем”, — деди төрага.

Белгилей кетүүчү жагдай, иш-чара эки күнгө созулуп, соттор менен журналисттердин эриш-аркак иштөөсү боюнча кызуу талкуу болоору күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин дал ушундай эле форматтагы тегерек стол Ош шаарында уюштурулуп, ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.