Журналист Сымбат Максүтова «100 журналист» китеби кандай критерий менен тандалганын айтып берди…

Журналист Сымбат Максүтова «100 журналист» китеби кандай критерий менен тандалганын айтып берди…

5 китептин автору, Касым Тыныстанов атындагы фонддун теңтөрайымы, «4-бийлик» сайтынын негиздөөчүсү, «Эркин Тоо» гезитинин журналисти, кесиптешибиз Сымбат Максүтова «100 журналист» аттуу китеп чыгаруу алдында турат. Ушул жакшы самаалыктын алдында ат жалында маек курдук. 

— Сымбат эже, «100 журналист» аттуу китепти даярдаганыңызга канча убакыт болду?

— Эки, үч жылдан бери «100 журналист» аттуу китебин чыгарсакпы деп тилек кылып келатканбыз. Былтыр эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата чыгарсак дегенбиз, анда болбой калды. Андан кийин, 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз, Тарых күнүнө белгиледик. Каражатка байланыштуу анда дагы болбой, жылып калды. Убакыт, сааты быйыл чыкты окшойт. Анын үстүнө жүздөн ашуун журналисттин өмүр баянын, сүрөттөрүн топтоо кыйындыкка турду. Жалгыз жетишпей, кесиптеш кыздардан жардам сурасам, алар кол кабыш кылышты. Ыраазычылык билдирем.

— Бул китепке кирген журналисттерди кандай критерий менен тандадыңыздар? Атайын түзүлгөн комиссия менен тандалдыбы же өзүңүз эле тандадыңызбы?

— Ар бир журналисттин баскан жолу, Кыргызстан үчүн кылган эмгеги эске алынды. 90-жылдардын башындагы журналисттер эгемендүүлүктүн калыптанышына, экономиканын өсүп-өнүгүүсүнө чоң жардам кылышкан. Мисалы, айтылуу Мелис Эшимканов, Султан Раев, Мамат Сабыров, Чолпонбай Абыкеев, Замира Сыдыкова, Бекен Назаралиев, Нарын Айып жана башка дагы бир топ калеми күчтүү журналисттер китепке кирди. Булар журналистикага зор салым кошкон адамдар.

— Ошондо бул китепке улуу муундагы журналисттер кирдиби? Демек, мындан ары этап менен чыгып турат да ээ?…

— Ооба, мындан ары 1,2,3 деп этап менен чыгып турат. Бул алгачкысы. Улуу муун менен кошо үзөңгүлөш келаткан орто муундагы журналисттер дагы кирди. Буга кирбей калгандар кийинкисине кирет. Баарын бир сыгып берип койгондо, окууга оор болуп калмак.

— Канча бет, канча нуска менен жарык көргөнү турат?

— Ар бир журналисттин бир топ сүрөттөрү менен киргенде, 250 беттей болуп калат. Ал эми нускасы болсо каражаттын табылганына жараша болот. Бирок, миң нускадан ылдый түшпөйт. Каржы жагын чечүүнү мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго айтсам, идеямды жактырып, кат жаз деген. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кат киргизип койдум. Бул китеп чыкса Жогорку окуу жайдагы журналист студенттерге окуу куралы болмок. Башкы максаты – мурунку муундагы журналисттерди кийинки муунга таанытуу. Ошондон улам, тарыхый китеп болоруна толук ишенем!

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Журналист Сымбат Максүтова буга чейин «Максүт болуш», «Ысык-Көл ыйык сүйүүмдөй», «Касым Тыныстанов — кыргыз илиминдеги жылдыз», «От тутанган онунчу жыл же Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгү», «Асар» аттуу китептеринКа чыгарган. «От тутанган онунчу жыл» жана «Асар» аттуу китептеринин бет ачаар аземи Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында 5-апрелде өтөт.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.