МАЕК – Айтылуу Ашыраалы Айталиев өз ата-энесин өтө кеч билгенин баласы айтып берди…

МАЕК – Айтылуу Ашыраалы Айталиев өз ата-энесин өтө кеч билгенин баласы айтып берди…

95 жылдыкты утурлай…

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Ашыралы Айталиев атабыздын көзү тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. 16-мартта мааракесине арналган республикалык айтыш Бишкекте болуп өттү. Кечээ, 24-мартта, Ашке атабыздын небереси Азиздин чоң атасы тууралуу маегин бердик эле. Бүгүн Азиздин атасы Мыктыбек Бөлөкбаев менен болгон маекке кезек берип турабыз. Агабыз Ашыраалы атабыздын жай турмушунан буга чейин кулагыбыз чалбаган маалымат-жагдайларды айтып, кыйла кызык маек куруп берди…

— Мыктыбек ага, Ашыраалы атабыздын өзү жок өтүп жаткан 95 жылдык маараке алкагында айтыш өттү. Зал толо эл келип, бийлик өкүлдөрү демөөрчү да болуп, келип, акыр-аягына чейин көрүп катышып беришкени көңүл жылытаарлык болду. Ошондон улам ич ара бизде Ашыраалы атабыздын көзү өтөөрдөн бир жыл мурунку 80 жылдык маараке сөз болуп калды. Ал иш-чара Опера жана балетте өтүп, бирок бийлик тараптан эч ким келбей, Ашыраалы ата капа болгонун айтып калышты… Сиздин эсиңизде барбы ошол учур?

— Ооба, эсимде. Атамдын көзү тирүүсүндө өткөн соңку маараке эле… өнөр адамдары мындай күндө бир башкача сезимде болот да… Атамдын да көңүлүндө күтүнгөн сонун сезимдер болгон… Анда атам да, биз да капаланганбыз. Кыргыздын мыкты азаматтары Докебиз — ыраматылык Дооронбек Садырбаев, Мелис Эшимкановдор келип, тамашага салып, атабыздын даңазасына тете сөздү айтып көңүлүбүздү көтөрүп кетишти эле. «Ашыкебиздей алп акындын мааракесине эмнеге президент келбейт? Эмнеге Маданият министри келбейт? Аттуу-баштуу адамдар Ашыкебиздин 80 жылдык мааракесин эмнеге куттуктап келишпейт?” деп катуу сын сөздөрүн да айтышты эле. «Эгерде бийлик Ашыкемдин 80 жылдык мааракесине келгенде, эртеңден баштап митингге чыкканды токтотот болчумун» деп Мелис Эшимканов элди күлдүрдү эле… Кандай кыйын жигиттер эле!.. Андан бери 15 жыл өтүп кетиптир. Эл эсинде, эл жүрөгүндө калган эки азаматыбыздын, атабыздын жаткан жерлери жайлуу болсун!
Учурдан пайдаланып, 16-мартта атабыздын 95 жылдыгына арналган айтышка келген бийликке, уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Ыраазымын, айтыш жогорку деңгээлде өттγ…

Бирок ал айтышта сиздер, тагырагы, «Койлон ата» коому 1-орунду алган Акматбек Султан уулуна Ардак грамота менен акчалай сыйлык бердиңиздер. Ал чечимиңиздердин себебин билсек болобу?

— Эми 12 төкмө акын тең кызыктуу айтыш куруп беришти. Атабыздын шакирти Амантай Кутманалиев атамдын обонуна, ыргагына салып жакшы төктү. Бирок бул жолу атамдын образын биздин ойдогудай, биз кγткөндөй ача алган жок. Бул эми менин жеке пикирим, ал үчүн Амантай капа болбостур… Ал эми жаш төкмө Акматбектин атамды көрбөсө да көргөндөй төккөнү ичибизди жылытты. Биздин коомдун сыйлыгын ошон үчүн ага тапшырдык.

Сыйлык жайын айткандан кийин коомубуз тууралуу да учкай айта кетейин ээ. Аты түпкү бабабыз Койлон атадан коюлган. Коом мүчөлөрү — Жедигер уруусунун алты облустан чогулган атуулдары. Бирок айтышка баары келип катыша алган жок. Он бир үй-бүлө катыштык. Сыйлыкты кимге берээрибизди баарына вотсаптан байланышып кеңештик, бир ооздон Акматбек дешти. Сыйлыкты тапшырганга сахнага белгилүү обончу, ырчы Кадыралы Артыков, мен, коомубуздун ардактуу аксакалы Бузурман Анарбаев γчөөбγз болуп чыктык. Акматбекке сыйлыкты Бурузман агабыз тапшырды.

— Ашыраалы атабызды көрбөй калган төкмөлөргө Ашыраалы атабыздын шакирттери устат азыр. Шакирттеринин баарын эле билсеңиз керек?

—  Атамдын айланасында чыгармачыл адамдар көп болду. Шакирттери Элмирбек, Жеңишбек, Амантай, Азамат, Аалы, Шекербек, манасчы Рысбай, башка дагы толтура өнөр адамдары атабыздын ал-акыбалынан кабар алып үйгө келип турушчу. Козгогон кептери өнөр дγйнөсγнөн деле алыстап кетчγ эмес. Алдыда айтыштар бар болсо, ошондон кеп козгоп, эскилерди эстешип, кулактын кычуусун кандырып далай баяндарды айтып бир далайга чейин чер жазышып сγйлөшγп анан таркашчу. Бирок, мен алардын өз ара кептерине, талкууларына катышчу эмесмин, атамдын өзүнөн гана укчумун. Шашпай отуруп алып жаш таланттарга өз баасын, баамын айтып берчү эле…

Айтышта бейиши болгур Элмирбек Иманалиев да эскерилбедиби… Бир башкача бала эле го… Анын каза болгонун укканда үй-бүлөбүз менен кайгырып, аза күткөнбүз… Элмир устаты болгон атамдан ашса ашты, кем болгон жок чыны. Акындыгы, аткаруучулук чеберчилиги, адамкерчилиги чексиз болчу… Эл жүрөгүнөн тγнөк тапкан кандай сонун обондуу ырларды жаратты, дастандарды кандай айтчу эле, мурунку төкмөлөрдγн обон-аваздарын жакшы билип, жеткире аткарчу эле… Элмир улуу муундан алган таалим-тарбия, өнөрдү өзγнөн кийинкилерге өткөрγп берип, артынан бир топ шакиртти даярдап эл алкышына татыды. Артына өлбөс өнөрдү таштап кетти. Азыр анын экинчи өмүрү чыгармаларында, шакирттеринде жашап жатат деп айта алам. Ыйманы саламат, жаны жаннатта болсун!

— Ашыраалы атаны балдарындай эле болуп калган шакирттерине баасын, баамын айтчу деп жатпайсызбы, эмнеге кубанып, эмнеге капаланчу эле?.. Баарлашкан убактарыңыздар көп эле болдубу?

— Атам жакшыга кубанчу, жаманды байкап калса да, кулагы чалып калса да капаланчу. Баарлашканда, атамдай акын, талант менен сүйлөшүү өтө кызыктуу болчу. Алдастатып капысынан эле суроо узатып жиберчү. Көкγрөгγндө сөз баккан киши да, туура жооп таба калсаң, кубанып калчу, жообуң көңγлγндөгγдөй болбой калса, капаланганы кадимкидей сезилчγ, кепти кыскартып, туруп кетчү. Атам менен сүйлөшүү мен үчүн мамлекеттик экзамен тапшыргандай эле болчу да…

— Мамлекеттик экзамен?.. Дайыма даярдыкта жγрчγ турбайсызбы анда?

— Ошондой десем да болот. Эми мен акын эмесмин да… Анын үстүнө мен атамдын колунда чоңойгон жокмун. Апамдан беш жашымда калып, Айтаалы чоң атамдын колунда чоңоюп, тарбия алдым. Ошол киши мени окутту, үйлөнтүп-жайлантты…

— Айтаалы чоң атаңыз тууралуу айта кетсеңиз… Кандай киши эле?

— Өтө билимдүү киши эле. Ашыраалы атамдын айтымында, Айтаалы атабыз паспорту боюнча 1901-жылы төрөлγптγр. Туулган күнүнүн так датасы жок. Өмүрүн Совет доорундагы мамлекетке ак кызматк кылган партиялык ишмер, коммунист болгон. Айтаалы атабыздан биздин айыл эле эмес, бγтγндөй Кант району сестенип турчу. Баары сыйлашчу. Элдин чоң сый-урматына билими, кылган ак кызматы, салабаттуу жүрүм-туруму менен ээ болду. Дөөлөттγγ карылыкта 1993-жылдын 25-январында 92 жашында каза болду… Ал кишиден узакка жашырылган бир сыр болгон экен, ошону билип кетти. Аны мени тапкан да атам, баккан да атам көпкө чейин билишкен эмес экен, баарын кийин-кийин гана угушуптур. Ашыраалы атам: «Мен Айтаалынын эмес, Бөлөкбай атам менен Сабыркүл апамдын баласы экенимди аябай кеч уктум. Отуз жаштан өткөндөн кийин билбедимби…» деп айтып эскерди эле…

— Кандай дейсиз? Жакшылап чечмелеп берсеңиз, ошондо атаңыздын өз атасы Айтаалы эмес болуп жатабы?..

— Ооба, ошондой. Чоң атам Айтаалы Бөлөкбаев Кыргыз АССРинин прокурору жана адилет эл комиссары кызматын аркалаган Таш (Ташмухаммед) Кудайбергеновдун жолдомосу менен Москва шаарына окууга жөнөтүлөт. Ошондо анын кош бойлуу келинчеги Каана айылда кайын ата менен кайын эненин колунда калат.

Кичинекей Ашыраалы ата Айтаалы ата, Каана апасы менен.

Бөлөкбайдын экинчи байбичеси Сабыркүл менен алардын келини Каана бир мезгилде кош бойлуу болуп, экөө удаа уул төрөшөт. Тилекке каршы, Айтаалы менен Каананын уулу чарчап калат. Ошондо Бөлөкбай чоң атабыз: «Кой, Айтаалы алыста жүрөт, баласынын чарчап калганын укса, жаман болот. Жумушуна, окуусуна кедергиси тийет» деп, өзүнүн ымыркайы Ашыраалыны байбичеси Сабыргүлдөн алып, келини Каанага: «Сенин балаң бар. Менин баламды бала кылып ал! Болду, доом жок» деп өзү алып барып берген экен. Элге да: «Айтаалынын баласы эмес, Бөлөкбайдын баласы чарчады» деген сөздү айттырыптыр…

— Мыктыбек ага, сизден буга чейин укпаган маалыматты угуп жатам… Тогуз ай көтөргөн ымыркайын Сабыркγл апа неберем деп чоңойтуптур да ошондо…    

— Бөлөкбай атабыз менен Сабыркүл апабыздан бир уул, бир кыз — Ашыраалы, Гүлжамал төрөлгөн экен. Сабыркγл апабыз ушул эле Жедигер айылындагы Дөөлөс деген уруудан чыккан Жору дегендин кызы болгон. Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевди жарыкка алып келген ушул апабызга Кудай ченебеген талант да берген экен. Жамакчы, макалчы, кошокчу, жомокчу болуптур. Чүй өрөөнүндөгү кыргыздан алгачкылардан болуп коон, дарбыз өстүрүү ыкмаларын өздөштүрүп, «коончу», «дарбызчы» деген атка конуптур… Бөлөкбай чоң атабызды билбей деле калдык. Сакталган сүрөтү дагы жок. Тарых илимдеринин кандидаты Тургунаалы Арипов агайдын айтымында, орус падышасы Николай I жөнөткөн беш медалдын бири Жедигер элинен чыккан Байбото бийдин кол башчысы Бөлөкбайга ыйгарылган. Элдин айтымында, узун бойлуу, зор адам болгон экен. Биринчи жубайы Жедигер айылындагы Дөөлөс уруусунан чыккан Айдар молдонун кызы Шааркан болуптур. Биринчи никесинен Жумаалы, Айтаалы, Байтак, Үмөт аттуу төрт уулдуу, эки кыздуу болот.

Тун уулу Жумаалы атасындай алп, зор улакчы жигит болгон экен. Ашыраалы атамдын айтымында, ал улактан күйүгүп каза болгон экен. Байбичеси Кадича чоң эне айылдагы Дөөлөс уруусунан Тоялынын кызы болгон. Алардын уулу Самүдүн Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган. Бөлөкбай атанын Байтак, Үмөт деген уулдары — экөө тең билимдүү, орус тилин мыкты билген жигиттер болушуптур. Бирок алар да 1941-жылдагы Улуу Ата мекендик согушта аскерге чакырылып, Украина жергесинде каза болушуптур. Ашыраалы атам ушул бир туугандарын эстеп, «Бир боорлорум болгондо, жашоом дагы башкача болбойт беле. Очор-бачар болу, тукумубуз өспөйт беле» деп кейип, оор үшкүрүп калаар эле…

Ашыраалы атам Кант районуна караштуу Чоң-Далы айылдык кеңешинин Жедигер айылында кыргыз урууларынын оң канатына кирген Жедигер уруусунан чыккан.

Атабыздын маңдайына төрт нике жазылыптыр. Биринчисинен эки уул, бир кыз, экинчисинен жалгыз мен, үчүнчүсүнөн бир кыз. Жалпысынан үч уул, эки кызы, жыйырмадан ашуун неберелери бар. Ар бири өздөрү сүйгөн кесипке ээ болушкан.

Атабыздын акыркы никеси Наила апабыз экенин баарыңыздар жакшы билесиздер. Ушул апабыздын атабыз үчүн кылган эмгектерин баса белгилеп айткым келет. Мына, дагы Бишкектеги бир чоң көчөгө ысымын берүү боюнча бийликке кайрылып, зарлап күтүп келатат. Мындай сунушту чыгармачыл адамдар, эл дагы колдоп жатканын силердин сайтыңардан окуп, кубанып калдык. Апабыздын бул оюн атабыздын шакирттери дагы айтышта айтпадыбы… Мамкатчы, спикер, Маданият министри укту, демек, оң жакка чечилет деп ойлойбуз!

— Ашыраалы атабыздын сөз өнөрγнө жакын болгону Сабыркγл ападан өткөн экен да. Ашыраалы атадан кимдир бирөөңγздөргө өнөр шыбагасы тийдиби?

— Уул-кыздарынын арасында анча-мынча чымындуулар бар. Шык-өнөр бала кезден башталат эмеспи. Анын сыңарындай, атабыз бала кезинен ырга шыктуу болуптур, бирок, чоңойгондо акындык өнөрдү аркалап, ырдап баштаганда атасы каршы болгон экен. Ага болбой Осмонкул атабыздан батасын алып, акын болуптур.

— Ашыраалы атанын ырлары десе эле, бардыгы эле биринчи «Нарындан жазган салам кат» дешет. Сизчи, кайсы ырын жактырасыз?

— Менимче, ырдын жаманы болбосо керек. Атамдын бардык ыры абдан жагат, өзгөчө өзүнүн аткаруусунда. Анткени атам ар бир ырды ийине жеткире, маңызын чыгара берилип аткарчу, сөздөрүн, так, даана айтып ырдачу да…

— Уулуңуз Азизден укканыбыз боюнча комуз чертет экенсиз, демек, сиз деле атаңыздын ырларын ырдайсыз да?

— Сөздγн аныгы, комуз черткенге аракет кылып көргөм. Бирок менден комузчу, ырчы чыкчудай эмес. Ырдаганга шыгым деле жок. Ошол себептен атамдын да, башканын да ырларын ырдабайм ырдабайм, аспап кармабайм. Анын үстүнө бала кезимде чоң атам, чоң апамда: «Бир үйдөн бир ырчы чыкканы жетишет» деп коюшкан. Эс тартканымдан китепке жакын болдум. Тарыхый, адабий китептерди окучу элем, азыр окубайм. Уулум Азизбек эжеси, апасы үчөө айыл, мектептин китепканасынын болгон китептерин тытып окушкан. Окуганга китеп калбай калганда, Ашыраалы атабыздын үйүндөгү китепканасынан алып келип окушчу. Атам да китепти көп окучу да. Окуганда да дүйнөлүк адабиятты, детектив, тарыхый романдарды, гезит, журналды калтырбай окучу. Алтγгγл Казакстандан казак тилинде маданий гезит, журналдар келип турчу.

— Сиздин каалооңуз кандай? Балдарыңыздын артист болушун каалайсызбы?

— Жо-ок, каалабайм! Бирок музыкалык аспаптарда ойногон жагына каршылыгым жок.

«Атага тең, атадан кем, атадан артык уулу» деп коюшат эмеспи кыргыз элинде, сиздин баам, бааңыз кандай?

— Атага тең болуш – кыйындын кыйыны. Мүмкүн да эмес. Өзгөчө менин атамдай залкарга теңелиш кайдан! Өнөр айдыңында атага тең бир эле баланы эл билет деп ойлойм. Ал — айтылуу Алымкул Үсөнбаевдин уулу Замирбек Үсөнбаев…

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.