ВИДЕО — Президент республикалык эл каттоого катышты. Канча миллионго жеттик?..

ВИДЕО — Президент республикалык эл каттоого катышты. Канча миллионго жеттик?..
Бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты. Мындай маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берген. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен президентти жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жазып алган.

Учурда канча калк бар?

Белгилей кетсек, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо бүгүн, 25-мартта башталды. Ал 3-апрелге чейин уланат. Ал эми алыскы аймактардагы каттоо 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.
Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды. Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында жарыяланат.
Эске сала кетсек, эгемендик алгандан (1991-жылдан) бери каттоо үчүнчү жолу өтүп жатат. Алгач 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы уюштурулган. Соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы учурда 6,5 миллионго жетти.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.