Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууда ЖМКнын ролу зор»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууда ЖМКнын ролу зор»

Бүгүн, 25-мартта сот тутуму менен ЖМКнын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө арналган эки күндүк тегерек стол өз ишин аяктады. Бул иш-чарага Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, Европа Биримдигинин “КР мыйзам үстөмдүгү 2-фаза” программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган программанын негизги эксперти Александру Танасе жана Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чарада журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп уга алышты.

Суроолорго жооп берип жатып, Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков коомдо сот адилеттигинин маңызын түшүнүүнү калыптандырууда, ошондой эле жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө, жергиликтүү соттордун судьялары: Ысык-Көл областтык сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Альгис Шукуралиев, Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Самар Ниязалиев жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев журналисттер менен кызматташуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ысык-Көл облустук сот аймактагы медиа борбор менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту, анда соттун ишин чагылдыруу камтылган жана калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле, судьялар тараптар натыйжалуу кызматташуунун жолдорун ачык талкуулаган мындай иш-чара өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга түрткү боло аларын белгилешти.

Катышуучулар биргелешкен чыгармачыл долбоорлор боюнча өз сунуштарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен соттордун кесипкөй эмес мамилесинин фактыларын айтууга мүмкүнчүлүк берген иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, ыраазычылык билдиришти.

Соңунда, тараптар маалымат менен гана чектелбестен, жарандарга укуктук тарбия берүү менен бирге соттор менен ЖМКнын тыгыз жана жакшы кызматташуусуна багытталган иш-чаралардын жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн билдиришти.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.