Баткен ОИИБ: «Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева камалды»

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева камалды. Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы таратты. Алардын маалыматына караганда, Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып берип, арыз жазган. Ошол эле күнү анын ден соолугу начарлап, кечки саат 20.00дөр чамасында ооруканага түшкөн. Дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай, ошол эле түнү каза болгон. Бул факты боюнча (арыздануучунун арызынын негизинде) Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде, Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну, Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Батмакан Жолболдуеванын жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий берише элек.

Батмакан Жолболдуева деген ким?

Батмакан Жолболдуева социалдык тармактарда блогер катары таанымал. Ал дайыма Баткен облусунда болуп жаткан нерселерди видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырып турат. Ал өткөн айда президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов менен чатакташканын, анын телефонун ал тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан.  Ураимов болсо андай дооматтарды четке кагып, видеокайрылуу кылган. Ал бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Кыркка жетпей кыйылган өмүр…

38 жаштагы Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы Баткенде төрөлгөн. Ал 2009-жылы (андагы Бишкек Гуманитардык университетин, азыркы Бишкек Мамлекеттик университетинин) журналистика жана информатика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучулуктан баштаган. «Кыргызстан обондору» радиосунда алып баруучу,  «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында, 2010-жылдан бери АКИpress агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген. Чогуу иштегендеринин айтымында, ал Баткендин жетишкендиктерин, чечилбей келаткан маселелерин, өзгөчө чек ара, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай көтөрүп келген. Андай эмгеги мамлекеттен бааланып, мамлекеттик чек ара кызматынын төш белгиси, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, облустук телерадиокомпаниянын жана район, шаар башчыларынын Ардак грамоталарды, сыйлыктарды алган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.